Жалал-Абад: Мэрия электробустарды сатып алуу үчүн 100 млн сомдук тендер жарыялады

Иллюстративдик сүрөт

Жалал-Абад мэриясы электробустарды сатып алуу үчүн 100 млн сом коротууну пландап жатат. Бул туралуу 24-мартта мамлекеттик сатып алуулар порталында белгилүү болду.

Мэрия жарыялаган тендерге ылайык, 100 миллион сомго он электробус жана үч кубаттоочу станция сатып алуу пландалууда. Автобустар 50 кишиге ылайыкташып, 17 орундуу болушу шарт экени жазылган. Конкурс 17-апрелге чейин уланат.

Жалал-Абад шаарында муниципалдык автобус жана троллейбустар аз. Күндө каттамга чыккан 160 коомдук транспорттун жетиси гана муниципалдык автобустар. Алардын эскилиги жетип, жүргүнчүлөргө шарт каралбаганы айтылат.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Өтө кымбат». Бишкек мэриясы «Белес» компаниясынын автобустарын сатып алууга даяр эмес

Бишкек мэриясы Түркиядан 300дөн ашык жаңы автобус сатып алат