Казакстанда 20 жыл документсиз жүргөн аял жана өспүрүп кыз мекенине кайтып келди

Иллюстративдик сүрөт.

Казакстанда 2003-жылдан бери документсиз жүргөн кыргызстандык 56 жаштагы аял менен 15 жашар кыз мекенине кайтарылды. Бул тууралуу 30-мартта Тышкы иштер министрлигинен маалымдашты.

Билдирүүдө аталган эки жаран Казакстанда жүрөндө оор турмуштук кырдаалга кабылганы айтылат.

Аларды өлкөгө кайтарып келүүдө Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулдугуна «Жаш Муун» диаспорасы жардам берген.

«Кыргызстандын чет жактагы өкүлчүлүктөрү жарандардын кайрылуусуна ыкчам жооп берип, алардын укугу менен кызыкчылыгын коргоо аракетинде», — деп белгилешти министрликтен.

Кыргыз жарандары Казакстандын аймагында турмуштук кыйын кырдаалга кабылып же кулчулукта калып, көп жылдан кийин мекенине кайтып келген учурлар катталган.

Жакында эле Казакстанда 32 жыл кулчулукта кармалган Жалал-Абаддын тургуну Номанжан Саматов кичи мекенине кайтып келген. Жалал-Абад мэриясынан Саматовду жарандыкка алуу үчүн документтер даярдалып жатканын билдиришкен.

Автор: Бурулсун Джумалиева

ТЕМА БОЮНЧА:

Жалал-Абад: Казакстанда 32 жыл кулчулукта кармалган тургун кайтып келди