ЖМК объективдүү болушу керек — Орунбеков АКШ элчиси менен «Азаттыктын» жагдайын талкуулады

Президенттик администрациянын басма сөз кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушту.

Жолугушууда Орунбеков «кыргыз тараптын сөз эркиндигин жана демократиялык коомдун принциптерин коргоого берилгендигин ырастап», өлкөдө «көз карандысыз ЖМКнын толук кандуу иштеши үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн» билдирди.

«Биздин негизги талап, бардык ЖМКга тиешелүү — тастыкталбаган маалыматтарды таратууга тыюу салган улуттук мыйзамдарды сактоо, ошондой эле маалыматты таратууда объективдүү болуу, анын ичинде араздашуулар жана согуштук кырдаалдар учурунда», — деп белгиледи ал.

Ошондой эле Орунбеков менен Вигери «Азаттыктын» айланасында кырдаалды талкуулашты. Учурда сотто Маданият министрлигинин «Азаттык Медианы» ЖМК катары ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча доосу каралып жатат. Ага басылманын 2022-жылдын 16-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы кагылыш жөнүндөгү видеосюжети себеп болгон. Бийлик материалды «Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгына каршы келет» деп эсептеп жатат.

Ал эми Вигери эки тарапты кызыктырган бардык маселелер боюнча колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирип, Кыргызстан «сөз эркиндигин коргоо принциптерин карманган жана күчтүү жарандык коомду жактаган өлкө катары кала берээрин канааттануу менен» белгилеген.

Кыргызстанда бийликтин ЖМКга жана сөз эркиндигине карата басымынын жаңы толкуну байкалууда. Буга иликтөөчү журналист Болот Темировдун өлкөдөн чыгарылышы, «Азаттык» радиосунун сайтынын бөгөттөлүшү жана журналисттер менен блогерлердин байма-бай суракка чакырылышы анык мисал болуп бере алат.

Анткен менен бийлик эч кандай басым-кысым жок, Кыргызстан мыйзам үстөмдүгүнүн принциптерин карманат, ал эми адамдын укугу менен эркиндиги — өлкөдөгү эң бийик баалулуктардын бири деп келет.

Ошол эле кезде бийлик, эксперттердин пикиринде, мамлекеттин көз карандысыз ЖМКга жана бейөкмөт уюмдарга каршы куралына айланышы мүмкүн болгон мыйзам долбоорлорун демилгелегенди улантууда.