Активист Болот Ибрагимов президенттин кеңешчиси болуп дайындалды

Болот Ибрагимов

Активист Болот Ибрагимов президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси болуп дайындалды. Бул маалыматты 31-мартта «Клоопко» президентин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев тастыктады.

Маалыматка ылайык, Ибрагимов өлкө башчынын коомдук башталыштагы кеңешчиси болду — тагыраагы, ал айлык албайт.

Ошондой эле активист Жапаровго коррупция менен күрөшүү маселеси боюнча кеңеш берери кабарланды.

Болот Ибрагимов — блогер жана укук коргоо органдарындагы коррупция менен күрөшкөн Safari кыймылынын негиздөөчүсү катары белгилүү. Аталган кыймыл социалдык тармактарда жол инспекторлорунун эреже бузган видеолорун байма-бай жарыялап турат.

2021-жылдын октябрында Ибрагимов «Эл үмүтү» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон. Социалдык тармактарда «Эл үмүтү» партиясы президенттин жубайы Айгүл Жапаровага таандык деген маалымат тараган. Бирок президенттик администрация бул айтылгандарды дароо четке каккан.

Андан сырткары активист «Биздин эл» партиясынын курамында Бишкек шаардык кеңешке шайлоого катышкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Арслан Койчиев кайрадан президенттин кеңешчиси болуп дайындалды

Сталбек Ахунбаев президенттин кеңешчиси болуп дайындалды