«Биз акыйкаттыка жете алдык». Бишкекте аялды өлтүрө сүзгөн киши 7 жылга кесилди

Бишкекте үстүбүздөгү жылдын 30-январында Тыныстанов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде Миркүл Айтбаеваны өлтүрө сүзүп кеткен айдоочу 7 жылга кесилди. Бул тууралуу 1-апрелде «Клоопко» Биринчи май райондук соту билдирди.

Маркумдун уулу Азизкан Алимбаев апасынын өлүмүнө себеп болгон жаран камалып, акыйкаттык орногонун, ага жетүүгө көмөктөшкөндөрдүн баарына ыраазы экенин билдирди.

«Сот өттү. [...] Биздин жапа тырмак аракетибиз менен бүгүн акыйкаттыкка жетише алдык. Кылмышкер жети жылга эркинен ажыратылып, сот залында камакка алынды. Баарыңыздарга чоң рахмат», — деди Алимбаев.

Ошондой эле ал, бул окуя «коомдун аң-сезимине аз да болсо таасир этип, анын таасиринде эл кыйналбай, мыйзам бузуучулар коркуп, акыйкаттык орной турганын» белгиледи.

Маматов «Транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу, байкабастыктан ден соолукка оор залал келтирүү» (312-берененин 3-бөлүгү) боюнча күнөөлүү деп табылды. Ошондой эле, соттун чечими менен ага 2 жылга жеке жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенүүгө тыюу салынган. Маматов жазасын жалпы режимдеги түзөтүү колониясында өтөйт.

Буга чейин, үстүбүздөгү жылы 19-мартта, Алимбаев президенттен жана укук коргоо органдарынан апасын өлтүрө сүзгөн кишини жазага тартууну суранып кайрылган.

Ал Honda Fit үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу Камылжан Маматов аттуу жаран ылдамдыкты чектен ашырып, кызыл светофордон өтүп, жөө адамдар өтүүчү жашыл светофордо өтүп бара жаткан апасы Миркүл Айткулованы коюп кеткенин билдирген.

Анын айтымында, апасы оор жаракаттарды алып, үч күндөн соң төртүнчү шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза тапкан.

Кийинчерээк Бишкек шаарындагы Свердлов райондук соту аялдын өлүмүнө себеп болгон айдоочуну үй камагына чыгарып жиберген, ал эми каза тапкан аялдын жакындары бул чечимге нааразычылык билдирген. Алар ишти Биринчи май райондук сотунда мыйзамдуу түрдө каралышын суранган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкектин тургуну апасын өлтүрө сүзгөн айдоочуну жазага тартууну суранууда