Турдубекова «Ногойбаевдин командасы» анын Фейсбугун бөгөттөөгө аракет кылып жатканын айтты

Укук коргоочу Назгүл Турдубекова Бишкек ШИИБдин башчысы Азамат Ногойбаевдин «командасы» анын Фейсбуктагы барагын бөгөттөөгө аракет кылып жаткан болушу мүмкүн экенин билдирди.

Ал Фейсбуктагы барагына бейтааныш кишинин үнү анын Фейсбуктагы барагын бөгөттөө үчүн барактын үстүнөн кантип даттанса болорун түшүндүрүп жатканы тартылган видеону жарыялады.

«Кыздарды коргоо боюнча кечээки митингден кийин Ногойбаевдин командасы эмне кылып жатканын карагыла. Бишкек ШИИБдин штаб башчысы Улан Кубатбеков менин барагымды кантип бөгөттөсө болору жөнүндө видеоинструкция көрсөтүп жатат, аны Бишкек милициясынын кызматкерлерине көрсөтүп жаткан болушу мүмкүн», — деп билдирди укук коргоочу.

Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы «Клоопко» Турдубекованын билдирүүсүн четке кагып, аны «чындыкка коошпойт» деп айтышты.

Чуу жараткан билдирүү жана митинг

Бишкек ШИИБнин башчысы Азамат Ногойбаев 31-мартта жашы жете элек кыздар бойго жеткен эркектер менен «ыктыярдуу түрдө» жыныстык катнашка барарын, мындан улам «кырсыктар» катталып жатат деп билдирген.

Ал мындай оюн зордуктоого кабылгандан беш айдан кийин өз жанын кыйган 13 жаштагы кыздын окуясы боюнча суроолорго жооп берип жатып айткан.

3-апрелде калаа милициясынын алдында Бишкек ШИИБдин башчысы Азамат Ногойбаевдин отставкасын талап кылган митинг өткөн. Митингге чогулгандар «Жашы жете элек кыз менен жыныстык катнаш — зордуктоо деп аталат», «Ногойбаев отстакага кетсин» жана «Калаага абийирдүү милиционер» керек деп жазылган плакаттарды алып чыгышкан.

Митингчилердин алдына Ногойбаев өзү чыккан эмес. Бирок Ногойбаев журналисттердин алдындагы билдирүүсүндө «эмне деп айткан сөзүн аңдап турарын, ал үчүн жоопкер экенин» билдирген. Анткен менен Ногойбаев журналисттер анын сөздөрүн туура эмес чечмелешкен деп айткан.

Анын айтымында, ал «жашы жете электерди айыптагысы келген эмес», жөн гана «жашы жете электер үйдөн кеткенде издөөдө болуп, зомбулукка кабылып, жыныстык катнашта болуп, калып аткан фактылар бар экенин жеткиргиси келген».