Депутаттар Соцфонддун пенсиялык реформасын четке кагышты

Жогорку Кеңештин депутаттары 5-апрелдеги жыйында мамлекеттик пенсиялык камсыздандыруу жөнүндөгү мыйзам долбоорун экинчи окууда четке кагышты. Алардын айтымында, мыйзам долбоорунун демилгечилери депутаттардын сунуштарын киргизишкен эмес.

«Бул мыйзамды өткөндө оңдоп келгиле деп жибергенбиз. Эч нерсеси оңдолбой эле кайра келиптир. Сиздерден өтүнүч, добуш берип туруп кайра кайтаруу керек. Бул элге каршы мыйзам. Ошончо талкуунун дагы кереги жок. Ушул жерден [талкууну] токтотолу. Алты айдан кийин келишсин», — деди депутат Балбак Түлөбаев жыйында.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында депутаттар мыйзам долбоорун четке кагышты.

Эмне болгон мыйзам долбоору?

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров тарабынан демилгеленген резонанстуу мыйзам долбоору 2022-жылдын 14-декабрында парламентте биринчи окууда жактырылган.

Андагы сунуштардын бири — пенсия курагын жогорулатуу болгон. Кыргызстанда азыркы тапта аялдар 58, ал эми эркектер 60 жаштан пенсияга чыгышат.

Бирок бийлик катуу сындардын толкунуна кабылгандан кийин бюджеттеги акчаны үнөмдөөнүн башка жолдорун ойлоп таап бул идеядан баш тарткан. Мисалы, бийлик минималдуу камсыздандыруу стажын 5 жылдан 20 жылга чейин жогорулатууну көздөп жатат. Ошондой эле мамлекеттик кызматкерлердин пенсиясынын базалык бөлүгүн алып салуу сунушу көтөрүлгөн, бирок кийинчерээк бул демилге да жарандардын кызыкчылыктары корголбогондуктан четке кагылган.

Дагы окуңуз: Пенсионерлерди эмне күтөт? Алдыдагы пенсиялык реформаны түшүндүрүп беребиз