«Яндекс.Таксинин» кызматкерин коркутуу: Токмоктогу депутат үй камагына чыкты

«Яндекс.Таксинин» кеңсесинде иштеген кызды коркутууга шектелип камакка алынган Токмок шаардык кеңешинин депутаты Кайрат Чокеев үй камагына чыкты. Маалыматты 6-апрелде «Клоопко» Чүй облустук милициясынан тастыкташты.

Өкүмдү Аламүдүн райондук соту чыгарды. Судья Чокоевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча тергөөчү келтирген өтүнүчтү канааттандырды. Депутатты үй камагына коё берүүгө эмне негиз болгонун милициядан «тергөө иши купуя» деген жүйө менен ачыкташкан жок.

Аны менен катар, милициядан иш дагы эле тергелип жатканын, тергөөнүн жыйынтыгы менен мыйзам чегинде чара көрүлөрүн кошумчалашты.

Чокеев 9-март күнү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тинтүү учурунда жанынан ок-дары табылган. Аламүдүн райондук соту депутатты 6-майга чейин камакка алган.

«Яндекс.Таксинин» кызматкерин коркутуу

26-февралда Токмок шаардык кеңештин депутаты Чолпон Сыдыкова видеокайрылуу жарыялап, «Яндекс.Таксинин» кеңсесиндеги кызматкерлерге карата коркутуу болгонун кабарлаган. Сыдыкова алар шаардык кеңештин депутаттары Кайрат Чокеев менен Зафар Абраимов экенин билдирген.

Милициядан ошол күнү Бишкектин Свердлов РИИБине аял киши арыз менен кайрылганын маалымдашкан. Анын айтымында, саат 16:00дө Токмоктогу «Салтанат кейджи» фирмасынын кеңсесине бейтаныш кишилер кирип, кызматкерлердин бирин жулкулдатып сүйрөп чыгышкан. Аны «денеңе залал келтиребиз, кеңсени өрттөп кетебиз» деп коркутушкан.

«Фирманын баасы 3000 сом турган жарнама баннерин жыртып, кызматкерлерди Токмоктон кетүүгө аргасыз кылышкан. Фактыны Свердлов РИИБи каттоого алган, бирок аймакка караштуу Токмок шаардык милициясынын кароосуна өткөрүлгөн», — деп билдиришкеен милициядан.

Буга чейин Чокеевди парламенттин эск-депутаты Өмүрбек Текебаевге кол салууга тиешеси бар деген маалымат тараган.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Яндекс.Таксинин» кызматкерин коркутуу: Токмок шаардык кеңешинин депутаты кармалды