Куткаруучулар Солтон-Сарыдагы кенде иштеген жумушчунун сөөгүн муздун астынан алып чыгышты

Нарын облусунун Солтон-Сары жайлоосунда алтын казган компаниянын 31 жаштагы кызматкеринин сөөгү муздун арасынан табылды. Ал буга чейин жүк ташыган унаа менен сууга түшүп кеткен. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан 7-апрелде кабарлашты.

 Издеп-куткаруу иштери. Сүрөт: ӨКМ

Маалыматка ылайык, окуя 5-апрелде болгон. Ал эми маркумдун сөөгү эки күндүк издөө иштеринен кийин гана табылды.

«Куткаруучулардын тынымсыз аракетинен соң саат 09:12де сууга түшүп кеткен кишинин сөөгү муздун астынан табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди», — дешти министрликтен.

Былтыр Садыр Жапаров Кытайдын Zhоng Ji компаниясына Солтон-Сары кенин иштетүүгө уруксат берген. Кенди иштетүүдө цианид колдонулбасы, ал эми казылып алынган алтынды тазалоо Кара-Балта шаарында болору белгиленген.

Кенди иштетүүгө жергиликтүүлөр көп жылдардан бери каршы болуп келишкен. Алар бул жер бир гана кен эмес, жайлоо экенин жана ал жерде жакынкы сегиз айылдын тургундары малдарын жайышарын белгилешкен. Мындан тышкары, жергиликтүүлөр кытай ишкерлери жерди жана сууну булгашууда, ошондуктан мал-жандыктар кырылып жатат деп айтышкан.

Нарындын тургундары 2019-жылы Zhong Ji кытай компаниясынын алтын казуусуна каршы болуп, жергиликтүү эл менен компаниянын ортосунда жаңжал чыккан. Ошондон кийин өкмөт кытай компаниясынын ишин убактылуу токтоткон. Компаниянын жетекчилиги кызматкерлери менен техникаларын кайра Кытайга чыгарып кеткен.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жергиликтүүлөр 11 жылдан бери каршы болуп келе жаткан Солтон-Сары кенин иштетүүгө уруксат берилди

Солтон-Сарыдагы жек көрүү жана коркунуч. Кытайдан бизге, бизден Кытайга эмне керек?