Айзада Канатбекованын өлүмү: Бишкек ШИИБдин экс-башчысы Матмусаевге айып тагылды

УКМКнын тергөөчүсү Бишкек ШИИБнин мурдагы башчысы Бакыт Матмусаевге шалаакылык боюнча айып такты, мындан улам Айзада Канатбекова аны уурдаган адамдын колунан ажал тапкан. Бул тууралуу 10 апрелде адвокат Нурбек Токтакунов билдирди.

Матмусаев Канатбекованын өлүмүнөн кийин өткөрүлгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча Бишкек ШИИБдин жетекчиси кызматынан бошотулган. 2022-жылы февралда Матмусаев ички иштер органдарында ишин улантып жатканы белгилүү болгон. Ал укуктук жактан камсыздоо бөлүмүнүн начальниги болуп дайындалганы айтылган.

«Иш айыптоону бекитүү үчүн прокуратурага жөнөтүлдү. Эми сөз прокуратурада, эгер ал ал айыптоону бекитсе, иш Биринчи май райондук сотуна кароого жөнөтүлөт», — деди адвокат.

Ал «адилеттүүлүк орноду деп майрамдоо» азырынча эртелик кыларын, анткени коррупция жана милиция менен прокуратурадагы корпоративдик тилектештиги дагы деле актуалдуу экенин кошумчалады.

«Мындан тышкары, тагылып жаткан берененин эскирүү мөөнөтү бир жылдан кийин бүтөт, ал эми териштүүрүлөр көпкө созулуп кетиши мүмкүн. Биздин сотто иштир ары чоюп-бери чоюу техникасы эң жогорку деңгээлде турат. УКМК ошондой чоң кызматта иштеген офицерди шалаакылык үчүн айыптап жатканы мактоого арзып турганы менен биз тергөөнүн кемчиликтери тууралуу дагы айтканга аргасыз болдук — ири издөө иш-чарасы өтүп жатат деп документ жасалмалаган Биринчи май РИИБнин начальниги менен Биринчи май РИИБдин кезметчи тергөөчүсү жоопкерчиликке тартылган жок», — деди Токтакунов.

Буга чейин 8-апрелде Бишкектин Биринчи май РИИБнин милиционерлеринин шалаакылыгы боюнча козголгон кылмыш ишинин мөөнөтү эскирген — милициянын Канатбекованы издөөдөгү шалаакылыгы кыздын өлүмүнө алып келген.

Шалаакылык боюнча ишти УКМКнын шаардык башкармалыгы тергеп жаткан, бирок бул иш арадан эки жыл өтсө да эч кандай жыйынтык берген жок.

Айзада Канатбекованын уурдалып, андан соң өлтүрүлүшү

Айзада Канатбекова 2021-жылдын 5-апрелинде таңкы саат 5те уурдалган. Анын апасы Назгүл Шакенованын айтымында, ал милицияга кайрылганда, алар «ачуу басар келет, той жейсиңер, эмнеге сарсанаа болуп атасыңар» деп күлүшкөн.

Айзаданын апасы кызын уурдагандарды билгендиктен, анын ким экенин милицияга айткан — ал буга чейин эле Айзада Канатбекованын артынан аңдып, уурдап кетүүгө аракет кылып жүргөн, бир канча жолу соттолгон Замирбек Теңизбаев болгон. Аңдуулардан корккон кыз Кыргызстандан кетүүнү чечкен — ал Туркияга билет да алып койгон.

https://www.youtube.com/watch?v=uMSVlG7CtY8

Кылмышты көчөдө илинген камералар тартып калган — машинанын номери жана канча киши уурдаганы белгилүү болгон.

7-апрелде Бишкекке жакын жердеги талаада автоунаа табылган, анын ичинде кыздын сөөгү болгон. Ошол эле унаада Айзаданы ала качкан Замирбек Теңизбаевдин да сөөгү табылган. Унаа ал жерде бир нече күндөн бери токтоп турганы маалым болгон. Бирок кыздын сөөгү табылардан бир күн мурун тергөөчү Айзаданын апасына кызы тирүү жана сак-саламатта экенин айтып ишендирген.

Кыздын уурдалып, андан соң өлтүрүлүшү жана милициянын аракетсиздиги коомчулукту дүрбөтүп, укук коргоо органдарынын ишине нааразычылыкты жараткан.

Кыздын сөөгү табылган күндүн эртеси укук коргоо органдарынын аракетсиздигине нааразы болгон жүздөгөн жарандар Ош жана Бишкек шаарларында митингге чыккан. Чогулгандар Бишкек ШИИБдин башчысы Бакыт Матмусаев менен ички иштер министри Улан Ниязбековдун отставкасын талап кылышкан.

2021-жылдын 10-апрелинде, ээлеген кызматтарынан ИИМдин 12 жетекчиси жана кызматкери бошотулган, 27 милиционер «Кызматка толук эмес ылайыктыгы жөнүндө эскертүү» тартиптик жазасын алган. Ошондой эле, 5 кызматкерге «Катуу сөгүш берилген».

Айзада Канатбекованын киши колдуу болушуна байланыштуу кылмыш иши аны уурдап, андан соң өлтүргөн Замирбек Теңизбаевдин көз жумганына байланыштуу токтотулган. Теңизбаев өз жанын кыйган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Айзада Канатбекованы уурдоого айыпталган беш адамды күнөөлүү деп тапкан. Алардын бардыгы 6,5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылган.