Акылбек Талантбеков күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медалды багынтты

Кыргыз балбаны Акылбек Талантбеков Астанада өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медалды багынтты. Ал грем-рим күрөшү боюнча 82 кг чейинки салмакта күч сынашты.

Чейрек финалда Талантбеков индиялык атаандашы Рохит Дахияны 7:1, ал эми жарым финалда ирандык спортчу Алиреза Мохмадипианини 8:0 эсебинде жеңди. Финалдагы катуу кармашта кыргыз балбаны казакстандык атаандашы Диас Календи 3:2 эсеби менен утту.

Күрөш боюнча Азия чемпионаты Астанада 9-апрелде башталган, чемпионат 14-апрелде аяктайт.

Кыргыз курамасынын куржунуна жети медаль топтолду. Мурдараак Акжол Махмудов (70 кг чейин), Жоламан Шаршенбеков (60 кг чейин) жана Акылбек Талантбеков (82 кг чейин) үч алтын медалды камсыздашкан, бир күмүш медалды Үзүр Жусупбеков (97 кг чейин) алып келген, ошондой эле үч коло медалды Роман Ким (130 кг чейин), Раззак Бейшекеев (60 кг чейин) жана Адилхан Нурланбеков (72 кг чейин) камсыздашкан.

23 жаштагы Акылбек Талантбеков үстүбүздөгү жылдын февралында Египетте өткөн таймашта күмүш байге алып келген.