Жоламан Шаршенбеков экинчи ирет Азия чемпиону болду

Жоламан Шаршенбеков/ UWW

Кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбеков Астанада өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медаль утту. Ал Ал грем-рим күрөшү боюнча 60 кг салмакка чейинки категорияда таймашты. Шаршенбеков таймашын финалдын 1/4 баштап, 53 секунддун ичинде индиялык атаандашы Сумит Сумитти 10:0 эсебинде жеңди.

Жоламан Шаршенбеков/ UWW

Жарым финалда кыргыз балбаны жапониялык Маито Каванды 4:0 эсебинде жеңди.

Финалда Шаршенбеков Түштүк Кореялык спортчу Хан Жае Чунгду дагы 10:0 эсебинде утту.

Күрөш боюнча Азия чемпионаты Астанада 9-апрелде башталган, чемпионат 14-апрелде аяктайт.

Кыргыз курамасынын куржунуна эки күндө жети медаль топтолду. Акжол Махмудов (70 кг чейин), Жоламан Шаршенбеков (60 кг чейин) жана Акылбек Талантбеков (82 кг чейин) үч алтын медалды камсыздашты, бир күмүш медалды Үзүр Жусупбеков (97 кг чейин) алып келди, ошондой эле үч коло медалды Роман Ким (130 кг чейин), Раззак Бейшекеев (60 кг чейин) жана Адилхан Нурланбеков (72 кг чейин) камсыздашты.

23 жаштагы Жоламан Шаршенбеков Азиянын эки жолку чемпиону болду. Ошондой эле ал дүйнө чемпиону. Буга чейин ал 2018 жана 2021-жылкы дүйнө чемпионаттарында эки жолу күмүш байгенин ээси болгон, ошондой эле 2018 жана 2020-жылы өткөн Азия чемпионаттарында эки жолу күмүш байгени багындырган.