«Баары президенттен көз каранды». Бекчороевдин жубайы Жапаровдон жолдошун бошотууну өтүндү

Шаршегүл Аманова. Сүрөт Аманованын фейсбук барагынан алынды.

Кемпир-Абад иши боюнча камакка алынган көз карандысыз журналист жана активист Эрлан Бекчороевдин жубайы Шаршегүл Аманова 12-апрелде президент Садыр Жапаровго кайрылды.

Ал эл арасында соттор менен тергөөчүлөр «президенттен көз каранды болуп жатканы» тууралуу сөздөр бар экенин белгилеп, Жапаровдон жолдошун бошотууну өтүндү.

«Мыйзамды аттап өткөн соттор сиздин башыңызды аттоосу оор болууда. Акыркы “экс ажолорду актоо ырайымынан” кийин мыйзамдан сиздин ишаратыңыз бийик турары ачыкталып калды. Бул көрүнүштөн улам жолдошумду үй камагына чыгарат деп ишенем» — деди ал.

Аманова алты айдан бери Кемпир-Абад боюнча кармалгандардын күнөөсү далилденбегенин белгилеп, райондук сотто жолдошунун камактагы мөөнөтүн узартуу маселеси караларын эске салды.

«Балдарым аталап ыйлап жатканына алты ай болду. Эгер балдарымдын эс тарткан убагы болгондо, балким сизге кайрылмак эмесмин. Тескерисинче атабызды коргоп, мыйзамсыздык менен күрөшүп турмакпыз. Тилекке каршы, балдарым бирөөсү үч жашта болсо, экинчиси бир жарым жашка эми гана чыкты»,— деди ал.

Аманова буга чейин «Клоопко» маек куруп, үй-бүлөсү жолдошу жок кандай абалда жашап жатканы тууралуу айтып берген. Ал Бекчороевди үйдүн жалгыз багуучусу деп белгилеп, анын кандай шартта кармап кетишкени жөнүндө кеп кылган.

Бекчороев — Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишин сындаганы үчүн өткөн жылдын октябрында кармалган 30га чукул активист жана саясатчылардын бири. Алардын көбү «массалык башаламандыктарды уюштурууга аракет кылган» деп айыпталып, ТИЗОдо.

Бүгүн, 12-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук сотунда абактагылардын баш коргоо чарасы каралып жатат. Соттун чечими менен бир катар саясатчы, депутаттар үй камагына чыгарылды, айрымдарынын абактагы мөөнөтү узартылды.

Автор: Бурулсун Жумалиева

ТЕМА БОЮНЧА:

«Атасын эстеп ыйлашат». Абактагы Эрлан Бекчороевдин аялы эки кичинекей баласы менен жалгыз калды