«Боюнан түшүп калган». Кара-Буурада сот аялын сабаган кишиге үч жылдык пробациялык көзөмөл жарыялады

Талас облусунун Кара-Буура районунда күйөөсү сабагандан кийин боюнан түшүп калган аялдын иши боюнча сот болуп, күйөөсүнө үч жылдык пробациялык көзөмөл дайындалды. Маалыматты 12-апрелде «Клоопко» облустук соттон жиберишти.

*Пробациялык көзөмөлгө алынган адам жашаган жери боюнча пробация органынын көзөмөлүндө болуп, өлкөнүн чегинен чыкпашы керек. Эгер жашаган, иштеген же окуган жери өзгөрсө, тиешелүү органга кабарлайт. Белгилүү бир адамдар менен байланышпайт жана, белгилүү бир жайларга бара албайт. Ошондой эле, жабырлануучуга келтирилген зыяндын ордун сот аныктаган мөөнөттө толтуруп берүүгө милдеттүү.

Маалыматка караганда, окуя 2021-жылдын 8-июнь күнү таңкы саат 07:00 чамасында болгон. Анда Кара-Буура районундагы Көк-Сай айылынын 31 жаштагы тургуну 48 жаштагы күйөөсү ур-токмокко алганын билдирген.

Ошондой эле, жабырлануучу окуядан кийин дарыгерлерге кайрылып дарыланганы, бирок ага карабастан боюнан түшүп калганын айткан.

Ал эми айыпталуучу күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алып, аялынын колунан кармап эле койгонун айткан. Кылган ишине өкүнүп, соттон ага карата жеңил жаза берүүнү суранган.

Сот жабырлануучунун, айыпталуучунун жана күбөлөрдүн акыркы сөздөрүн угуп, «күйөөсү аялын өз ара чыр-чатактын негизинде, анын кош бойлуу экенин билип туруп ага карабастан анын ичине бир нече жолу буту менен тээп, денелерине уруп, колу менен ичин мыжыгып өмүрүнө коркунучтуу болгон ден соолугуна зыян келтирген» деп тапкан.

Натыйжада айыпталуучуга карата бир нече беренелердин жардамында «Пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотуу» беренеси боюнча өкүм чыккан.

Кыргызстандагы аялдарга карата зомбулук

Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин 11-апрелдеги билдирүүсүнө ылайык, 2022-жылы Кыргызстанда зордук-зомбулуктан 8225 аял жабыркаган.

Зомбулуктан көбүнчө аял кишилер жабыркайт. Алардын көпчүлүгү милицияга арыз менен кайрылбагандыктан катталбай, эске алынбай калат. Бул үй-бүлөлүк зомбулуктун масштабы расмий статистикадан алда канча чоң экенинен кабар берет.

Агрессорду мыйзам чегинде жазалоо абдан татаал — көпчүлүк кылмыш иштери айып пул төлөө же коомдук жумуштарга тартылуу менен чектелет. Ошондуктан сот жообуна тартылбай турганын билген агрессор аялды өлтүрүп да коюшу мүмкүн.

Дайыма болуп турган үй-бүлөлүк зомбулук аялдардын күйөөлөрү, жарандык никедеги чогу жашаган адамдары же мурдагы өнөктөштөрү тарабынан өлтүрүлүшүнө алып келет. Адам өлтүрүүнүн бул түрү фемицид деп аталат.

Эгерде сиз жолдошуңуздун же бейтааныш адамдын зомбулулугуна кабылсаңыз, жардам алуу үчүн милиция кызматкерлерине жана өлкөнүн аймактарындагы кризистик борборлорго кайрыла аласыз.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү