Айпери Медет кызы Азия чемпионатында күмүш медалды багындырды

Эркин күрөшчү Айпери Медет кызы Казакстанда өтүп жаткан Азия чемпионатында күмүш медаль жеңди.

Финалдык беттеште спортчу 76 килограмм салмак ченинде казакстандык күрөшчү Эльмира Сыздыкова менен күч сынашты.

Буга чейин Медет кызы 1/4 финалда индиялык 17 жашка чейинкилер арасында дүйнө чемпиону Прияны 43 секундда жеңген. Ал эми жарым финалдык беттеште япониялык Мизуки Нагашиманы 2:3 эсебинде уткан болчу.

Өткөн жылы балбан Монголиянын Улан-Батор шаарында өткөн Азия чемпионатында алтын медалды багындырган.

Буга чейин Казакстанда өтүп жаткан чемпионатта күрөшчү Калмира Билимбек кызы 59 килограммга чейинки салмакта коло медаль уткан.

Ал эми спортчу Мээрим Жуманазарова казакстандык Елена Шалыгина менен күрөшүп жатканда мурду канап, кан токтобой койгондуктан Азия чемпионатынан четтетилген. Ал 68 килограммга чейинки салмакта жарым финалда япониялык Ами Исииге 2:6 эсеби менен утулуп, коло медаль үчүн күрөшүп жаткан.

Кыргыз курамасынын куржунуна тогуз медаль топтолду. Мурдараак Акжол Махмудов (70 кг чейин), Жоламан Шаршенбеков (60 кг чейин) жана Акылбек Талантбеков (82 кг чейин) үч алтын медалды камсыздашкан.

Ал эми бир күмүш медалды Үзүр Жусупбеков (97 кг чейин) алып келген, ошондой эле үч коло медалды Роман Ким (130 кг чейин), Раззак Бейшекеев (60 кг чейин) жана Адилхан Нурланбеков (72 кг чейин) жеңишти.

Айпери Медет кызы — Азиянын эки жолку чемпиону, Дүйнө чемпионатынын күмүш медалынын ээси жана 2020-жылы өткөн Токио олимпиадасынын катышуучусу.

ТЕМА БОЮНЧА:

Күрөш боюнча Азия чемпионаты: Айпери Медет кызы финалга чыкты

Күрөшчү Мээрим Жуманазарова жаракатынан улам Азия чемпионатынан четтетилди