Баткен аэропорту оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу убактылуу жабылды

Баткен аэропорту оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу убактылуу жабылып, каттамдар токтотулду. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун басма сөз кызматы 12-апрелде билдирди.

Маалыматка караганда, аэродромдун элементтерин оңдоо, учактарды токтотуучу жайларды жана перронду кеңейтүү иштерин жүргүзүүнүн II этабы жүрүп жатат. Оңдоо иштерин айдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

Үстүбүздөгу жылдын февралында Бишкек — Баткен — Бишкек авикаттамы жанданган. Tez Jet авиакомпаниясы каттамдарды жумасына бир жолу — шейшемби күндөрү аткармай болгон.

Ага чейин да аэропорт оңдоо үчүн жабылып, каттамдар токтотулган болчу.

ТЕМА БОЮНЧА:

Садыр Жапаров: 2026-жылга чейин аэропорттордун инфрастуктурасы жакшыртылат