Бишкек ШИИББдин башчысы Азамат Ногойбаевге кызматына толук дал келбегени үчүн эскертүү берилди

31-мартта түз эфирде айткан сөздөрү кызмат абалына толук ылайык келбегени үчүн Бишкек ШИИББдин башчысы Азамат Ногойбаевге дисциплиналык эскертүү берилди. Ал эфирде жашы жете элек кыздар бойго жеткен эркектер менен «ыктыярдуу түрдө» жыныстык катнашка барарын, мындан улам «кырсыктар» катталып жататканын билдирген.

Ногойбаевдин айткандары боюнча ИИМ кызматтык текшерүү баштаган. Мекемеден анын сөздөрүндө укук коргоо органдарынын тартиптик уставынын талаптары, «Укук коргоо органдарында кызмат өтөө» жөнүндөгү мыйзамы, ошондой эле ИИБдин өкүлдөрүнүн кызматтык этникасы жөнүндөгү кодекси боюнча бир катар бузуулар аныкталганын билдиришти.

«Азамат Ногойбаевдин эфирде жашы жете электерге карата сексуалдык кылмыштар боюнча туура эмес билдирүүлөрү коомчулукта резонанс жаратып, ички иштер органдарынын дарегине терс билдирүүлөрдүн айтылышына себеп болгон. Кызматтык иликтөөнүн корутундусуна ылайык, Бишкек ШИИББдин башчысы Азамат Ногойбаевге кызматына толук эмес ылайык келери жөнүндө эскертүү түрүндөгү тартиптик жаза берилди», — деп билдиришти ИИМден.

Чуу жараткан билдирүү жана митинг

Бишкек ШИИББдин башчысы Азамат Ногойбаев 31-мартта жашы жете элек кыздар бойго жеткен эркектер менен «ыктыярдуу түрдө» жыныстык катнашка барарын, мындан улам «кырсыктар» катталып жататканын билдирген.

Ал мындай оюн зордуктоого кабылгандан беш айдан кийин өз жанын кыйган 13 жаштагы кыздын окуясы боюнча суроолорго жооп берип жатып айткан.

3-апрелде шаардык милициянын алдында Бишкек ШИИББдин башчысы Азамат Ногойбаевдин отставкасын талап кылган митинг өткөн. Акцияга чогулгандар «Жашы жете элек кыз менен жыныстык катнаш — зордуктоо деп аталат», «Ногойбаев отстакага кетсин» жана «Калаага абийирдүү милиционер керек» деп жазылган плакаттарды көтөрүп чыгышкан.

Митингчилердин алдына Ногойбаев өзү чыккан эмес. Бирок Ногойбаев журналисттерге «эмне деп айткан сөзүн аңдап турарын, ал үчүн жоопкер экенин» билдирген. Бирок Ногойбаев журналисттер анын сөздөрүн туура эмес чечмелешкен деп айткан.

Анын айтымында, ал «жашы жете электерди айыптагысы келген эмес», жөн гана «жашы жете электер үйдөн кеткенде издөөдө болуп, зомбулукка кабылып, жыныстык катнашта болуп калып аткан фактылар бар экенин жеткиргиси келген».