Президенттин атынан Жалал-Абад жана Ысык-Көл облусунда ооз ачар уюштурулду

Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад жана Ысык-Көл облусундагы райондордун, шаарлардын тургундарына ооз ачар уюштурду. Бул тууралуу президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-апрелде Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жергиликтүү тургундарга жана Жети-Өгүз, Ак-Суу, Түп райондорунун жашоочуларына ооз ачар өткөрүлдү. 14-апрелде Балыкчы шаарында жергиликтүү элге жана Тоң, Ысык-Көл райондорунун тургундарына ооз ачар уюштурулду.

Сый тамакка президенттин атынан минкабдын төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев менен Ысык-Көл облусунун башчысы Илияз Иманбетов катышты.

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ооз ачтыруусу. Сүрөт: Президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгү

Ал эми 14-апрелде өлкө башчысынын атынан Аксы, Ала-Бука, Чаткал, Токтогул райондорунун жана Таш-Көмүр, Кара-Көл шаарларынын тургундарына ооз ачар өткөрүлсө, 15-апрелде Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорунун, Жалал-Абад жана Майлуу-Суу шаарларынын жашоочуларына сый тамак тартылды.

Президенттин Жалал-Абад облусундагы ооз ачтыруусу. Сүрөт: Президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгү

Жалал-Абаддагы ооз ачарга минкабдын төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев катышты.

Ооз ачарга канча сом кеткен жана каражат кайдан сарпталганы белгисиз. Бул боюнча президенттин басма сөз кызматынан маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жалал-Абад: Камчыбек Ташиев 1000ден ашык адамга президенттин атынан ооз ачар уюштурду

Баткен шаарында президент Садыр Жапаровдун атынан ооз ачар уюштурулду