Баткен шаарында президент Садыр Жапаровдун атынан ооз ачар уюштурулду

Өткөн жылы чек арадагы куралдуу жаңжалдан каза болгон 36 кишинин урматына президент Садыр Жапаровдун атынан 29-апрелде ооз ачар уюштурулду. Бул тууралуу Баткен облустук администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ооз ачарга жалпы 400 адам катышты. Анын ичинде шейит кеткен 36 адамдын үй-бүлөсү, жакындары жана куралдуу кагылышта жарадар болгон 173 адам жана айыл аксакалдары бар.

Ошондой эле ооз ачарга облус башчысы Абдикарим Алимбаев, депутат Чыңгыз Ажибаев, минкабдын айрым жетекчилери, министрликтердин орун басарлары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү дагы келгени айтылды.

«Облус башчысы Абдикарим Алимбаев сөз сүйлөп, каза болгондордун жакындарына өлкө башчы Садыр Жапаровдун жана жеке өзүнүн атынан көңүл айтуу менен сабырдуулук каалады», — деп айтылат билдирүүдө.

Облустук администрациядан келгендерге атайын сый тамак уюштурулуп, каза болгон 36 кишиге багышталып куран окулганын белгилешти.

Мындан бир күн мурда Баткен облусундагы чек арага жакын айылдардын тургундары Тажикстандын чек арага чектеш айылдарынын тургундары менен ооз ачарга чогулушкан. Ага эки райондун акимдери жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү баштаган 100гө жакын тургун катышкан. Ооз ачарга тургундар эки элдин ынтымагын бекемдөө максатында чогулганын белгилешкен.

2021-жылдын 28-апрель күнү, кыргыз-тажик чек арасындагы эң ири куралдуу жаңжал башталып, үч күнгө созулган. Жаңжалда Кыргызстандын 36 жараны набыт болгон — анын ичинде атайын даярдыктагы «Бөрү» отрядынын аскерлери, 12 жаштагы өспүрүм кыз жана 4 жашар наристе бар.

Жаңжалдын кесепетинен Баткен жана Лейлек райондорунда 140 турак үй жана 84 объект өрттөлгөн. Ал эми тажик тараптан 80ден ашуун киши жарадар болуп, 19 адам каза болгон. Ошондой эле, 14 турак үй жана бир мектеп (жарым-жартылай) өрттөлгөн.

Эки өлкөнүн тең президенттери үстүбүздөгү жылдын апрелинде чек аранын 660 километрден ашыгы (Жапаровдун маалыматы боюнча 664, Рахмондун айтымында 663,7) километри такталып бүткөнүн билдиришти.

Тема боюнча:

Баткен: Кыргыз жана тажик айылдарынын тургундары чогулуп ооз ачышты

Кыргыз-тажик чек арасындагы эң ири куралдуу жаңжалга бир жыл. Хронология