ИИМ: 1 килограммдан ашык мефедронду таратууга шектелген жаран кармалды

Бишкек шаарында 1 килограмм 194 грамм мефедрон психотроптук затын тараткан жаран кармалып, ТИЗО-1ге киргизилди. Бул тууралуу 18-апрелде ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү 22 жаштагы жаран жашырылган жерден ар бири 0,5 литрлик 4 желим бөтөлкөдөгү психотроптук затты алып, BMW үлгүсүндөгү унаа менен качууга аракет кылган жеринен кармалган.

«Кылмышты ишке ашырууда жана бул өлчөмдөгү психотроптук затты сатууда шектүүнүн мыйзамсыз кирешеси 6 миллион 567 миң сомду түзмөк, ошондой эле көрүлгөн чаралар 7164 дозадан ашык синтетикалык баңги каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүүнүн бөгөтттөгөн», — деп айтылат билдирүүдө.

Бул факт боюнча «Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

Буга чейин, үстүбүздөгү жылы 13-апрелде, Ош шаарында синтетикалык наркотик тараткан ири канал жабылып, шектүү катары 19 жана 20 жаштагы балдар кармалган. Алардан 3 килограммдан ашуун наркотик алынып, шектүүлөр Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош ШИИБи синтетикалык наркотик тараткан ири канал жабылганын билдирди

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүрткөн «Принцесса Дури» кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалды