Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев эки айга камакка алынды

19-апрелде Бишкектин Октябрь райондук соту Токмок шаарынын мэри Урмат Самаевге карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын таңдады. Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Соттун чечимине ылайык, ал 2023-жылдын 1-июнуна чейин УКМКнын ТИЗОсунда камакта болот.

Самаев 17-апрелде кармалган. УКМК аны «Токмок жылуулук» муниципалдык ишканасында коррупциялык схеманы уюштурууга тиешеси бар деп шектеп жатат. ЖМКлардын маалыматына караганда, алдын ала келтирилген чыгым 130 миллион сомдон ашык сумманы түзөт.

Самаев күнөөсүн мойнуна албай, ага карата козголгон ишти «саясий иш» деп эсептеген.

Парламенттин мурдагы депутаты, «Чемпион» каймана аты менен белгилүү Урмат Самаев 2021-жылы 26-августта Токмок шаарына мэр болуп шайланган. Ал 2012-жылдан 2015-жылга чейин Токмок шаардык кеңешинин депутаты болгон.