Окуучулар кабылган жол кырсыгы: Бир бала комада, үчөө палатага которулду

Бишкектеги №3 балдар ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов Бишкек — «Манас» аэропорту жолунда аварияга кабылып, ооруканада жаткан балдардын абалы тууралуу «Азаттыкка» маалымат берди.

Анын айтымында, кырсыктан жаракат алып ооруканага жалпы 27 бала кайрылган. Үчөөнүн жаракаты жеңил болгондуктан үйлөрүнө чыгарылган. Төрт бала реанимацияга түшүп, үчөө 22-апрелде эсине келип палатага которулду. Бир баланын абалы дагы деле оор.

«Абалы оор. Негизинен мээсинен жаракат алган. Жаагы, сол буту санынан сынып кеткен. Азыр комада жатат», — деди Мананов.

Башкы дарыгер 24-апрелден баштап абалы жакшы болуп калган балдар үйлөрүнө чыгарыларын кошумчалады.

Буга чейин, 20-апрелде Бишкек — «Манас» аэропорту жолунда мектеп автобусу менен GoBus кичи автобусу сүзүшүп, жол кырсыгы катталган.

Билим берүү министрлиги кырсыкка кабылгандар Сокулук районундагы Ат-Башы мектеп-лицейинин башталгыч класстарынын окуучулары экенин билдирген.