Жайыл РИИБдин кызматкерлери кылмыш жасабаган кишини сабап, күнөөнү мойнуна алдырууга аракет кылган

Чүй облусунун Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери кылмыш жасабаган кишини эки күн бою сабап, күнөөнү мойнуна алдырууга аракет кылышкан. Бул тууралуу 22-апрелде Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-апрелде улуттук борборго Жайыл РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүн кызматкерлери бир жаранды кабинетинен чыгарбай, ур-токмокко алып жатканы жөнүндө маалымат түшкөн.

Борбордун кызматкерлери райондук милицияга текшерүү үчүн барганда жабырлануучу ал жерде болгон эмес. Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы ал үйүнө чыгарылганын айткан. Бирок чыгарылгандардын арасында каттоо журналында 17-18-апрель эки күн тең жок болгон.

«Борбордун кызматкерлери 17-апрелде Жайыл районундагы аймактык ооруканадан ыкчам кызматкерлер тарабынан кармалып, РИИБге алып келинип сабалганын айткан жаран менен жолугушкан. Анын айтымында 3-4 кызматкер, анын ичинде Рысбек, Арсен деген экөө колу-бутка, көкүрөккө, кабырга тушка жана башка ургулап, денесине так түшпөсүн деп башына баштык кийгизип, алакан менен бетке чапкылашкан. Кылбаган эле уурулукту мойнуна алдыртуу максатында сабашкан», — деп белгилешти улуттук борбордон.

Жабырлануучу Жайыл райондук прокуратурасына арыз жазып, медициналык кароодон өтүү боюнча токтом алган. Кийинчерээк РИИБдин кызматкерлери ага психологиялык басым жасап, ур-токмокко алынганы тууралуу арыз жазууга тоскоол болушкан.

Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунан бул иш алардын көзөмөлүндө экенин белгилешти.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Дубинка менен зордуктайм». Токтогулда кармалган шектүү милиция тарабынан кыйноого кабылганына даттанды