Сауд өнүктүрүү фонду кыргызстандыктар үчүн жеткиликтүү турак-жай курууга 100 млн доллар бөлөт

Сауд өнүктүрүү фонду Кыргызстанда жеткиликтүү турак-жай куруу үчүн 100 млн доллар бөлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Сауд өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Султан Абдурахман Аль-Маршад менен жолугушуусунда белгилүү болду.

Жолугушуу 24-апрелде өттү. Анда Кыргызстанда «Менин үйүм» турак-жай программасын ишке ашыруу боюнча келишимге кол коюлду.

«Жалпысынан 2026-жылга чейин “Менин үйүм 2021-2026” программасын ишке ашыруу алкагында 50 миңден ашык жаранды турак-жай менен камсыз кылуу пландалууда», — деп билдиришти президенттин администрациясынан.

Султан Абдурахман Аль-Маршад жана Садыр Жапаров. Сүрөт: президенттин басма сөз кызматы.

Ошондой эле жолугушууда Суусамыр — Талас — Тараз автожолун реконструкциялоо боюнча келишимге да кол коюлду.

Жапаров Кыргызстан Сауд өнүктүрүү фонду менен мындан ары да жемиштүү кызматташууга даяр экенин кошумчалап, көптөн бери токтоп турган башка биргелешкен долбоорлор жыл аягына чейин ишке кирерин белгиледи.

Жеткиликтүү турак-жай

Буга чейин Мамлекеттик ипотекалык компаниядан республиканын бардык аймактарында «Жеңилдетилген ипотека» (жылына 4%) жана Бишкек жана Ош шаарларында «Жеткиликтүү ипотека» (жылына 8%) багыты боюнча ипотекалык насыяларды берүү токтотулганын билдиришкен. Өлкө бийлиги финансылык ресурстарды арзан турак жайларды курууга багыттоо чечимин кабыл алганы белгиленген.

Курулуп бүткөндөн кийин бул турак-жайлар «Менин үйүм 2021-2026» программасынын алкагында сатып алуу мүмкүнчүлүгү менен ижарага берилет. Мындай батирлердин бир чарчы метри 550 долларга чейин турат.

Апрель айынын орто ченинде президент Садыр Жапаров Бишкекте «Менин үйүм 2021-2026» программасынын алкагында ишке ашыруу пландалып жаткан 6 миңден ашык батирдин курулушу башталганын билдирген. Ал алдыда мындай үйлөрдүн курулушу бардык аймактарда уланарын белгилеген.

Башкы бетке иллюстрациялык сүрөт коюлду.