Окуучулар кабылган жол кырсыгы: Парламентте Лесное айылына мектеп куруу маселеси көтөрүлдү

Жогоку Кеңештин 27-апрелдеги жыйынында депутат Аманкан Кенжебаев Сокулуктагы Лесное айылына тез арада мектеп куруу маселесин көтөрдү. Буга чейин ал айылдын окуучулары райондогу башка мектепке баратканда Бишкек — «Манас» аэропорту жолунда кырсыкка кабылган.

Депутат Лесное айылындагы окуучулардан тышкары Сокулуктагы үч айылдын балдары автобус менен башка айылга барып билим алууга мажбур болуп жатканын билдирди.

Кенжебаев президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, айылга башталгыч мектеп куруу маселесин тездетүү үчүн тийиштүү органдар менен сүйлөшүүнү сунуштады.

Буга чейин, 24-апрелде Лесное айылынын тургундары мектеп куруп берүүнү суранып президент Садыр Жапаровго кайрылышкан.

Алар мектеп курууга айылда бардык шарттар — жер, 2016-жылы бекитилген генплан бар экенин белгилеп, бирок курулуш башталбай жатканын билдирген.

20-апрелде Сокулук районунун Ат-Башы айыл өкмөтүндөгү мектеп-лицейдин окуучуларын ташыган автобус жол кырсыгына кабылган. Анда мектеп автобусу GoBus кичи автобусу менен кагышканы айтылган. Бул боюнча «Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу» беренеси менен иш козголгон.

27-апрелде Бишкектеги №3 балдар ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов «Клоопко» маалымат берип, окуучулардын бири дагы деле жандандыруу бөлүмүндө экенин айтты.

Анын айтымында, ооруканага жалпы 27 бала кайрылып, 24ү дарылануу үчүн жаткырылган.

«Эки күндөн кийин 16 бала үйлөрүнө чыгарылган. Учурда бир бала дагы деле эсине келе элек. Калгандарынын абалы туруктуу, 3-4 күндөн кийин үйлөрүнө чыгарылат», — деди ал.

Автору: Бурулсун Жумалиева