Милиция окуучуларды ташыган автобустун жол кырсыгы боюнча кылмыш ишин козгоду

Чүй ОИИБи 24-апрелде «Манас» аэропортун көздөй бараткан жолдо мектеп окуучулары кабылган жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди. Кырсыкта мектеп автобусунда бараткан окуучулар жабыркаган.

Милициянын маалыматына ылайык, иш «Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу» беренеси менен козголду. Ишке байланыштуу сотттук-укуктук экспертизалар дагы дайындалды. Облустук милициянын кызматкерлери жабыркап ооруканада жаткан балдарга да барып кабар алышты.

27 мектеп окуучусу жабыр тарткан жол кырсыгы 20-апрелде болгон. Автобуста Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Ат-Башы мектеп-лицейинде кенже класстарда окуган балдар болгон.

23-апрелде Шаардык балдар ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов үч бала жаракаты жеңил болгондуктан үйлөрүнө чыгарылганын билдирген.

Жандандыруу бөлүмүнө алынган төрт баланын үчөө жалпы палатага которулган. Бир баланын абалы оор экени айтылууда.

Кырсыктан кийин жабыркаган балдардын ата-энелери президент Садыр Жапаровго кайрылып, алар жашаган Лесное айылына мектеп салып берүүнү суранышкан. Айылда мектеп жок болгондуктан балдар башка айылга барып окууга аргасыз.