«Ишке ашпайт». Байсалов Мадумаровдун минкабды отставкага кетирүү сунушуна жооп берди

28-апрелде министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун минкабды отставкага кетирүү сунушуна жооп берди.

Ал твиттердеги барагына Мадумаровдун планы ишке ашпай турганын жазып, аны «улуттун кызыкчылыгы таптакыр ойлондурбайт» деп белгиледи.

«Адахан Мадумаровдун милдети — кандай болбосун элдин биримдигине бүлүк салуу, кырдаалды туруксуздаштыруу, жашоонун бардык чөйрөсүндөгү көздөлүп жаткан улуттук өсүштү үзгүлтүккө учуратуу. Биздин эл анын жасалмалуулугун жана деструктивдүүлүгүн айдан ачык көрүп турат», — деди ал.

Буга чейин, 27-апрелде «Бүтүн Кыргызстан» фракциясы министрлер кабинети толук курам менен отставкага кетсин деген сунуш демилгелеген. Мадумаров бул сунушту февраль айында эле көтөргөн. Анда депутат өкмөт башчы Акылбек Жапаров менен кайым айтыша кеткен. Буга пенсия өлчөмүнүн жашоо минимумунан төмөн болгону себеп болгон.

Анын айтымында, минкаб Конституцияда жазылган «пенсия, жөлөкпул жана башка социалдык жардам жашоо минимумунан төмөн эмес өлчөмдө болушу керек» деген талапты аткарбай жатат.

Конституциянын бул бөлүгү (44-бөлүмү) 2023-жылы 1-январда күчүнө кирген. Жашоо минимуму ал кезде айына 6800 сом болчу. Ал эми пенсиянын минималдык өлчөмү 1200 сомду түзгөн. Январда улуттук статком 2022-жылдын жыйынтыгы менен бир айлык жашоо минимуму 7178 сомду түзөрүн белгилеген.

Анда минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров бул талаптарга: «Төлөбөсөк, өлөлүбү эми?» деп жооп берген.

Ал ошондой эле минкаб Конституциялык соттон бул берене (44-берене) боюнча түшүндүрмө берүүсүн сураганын айткан.

Кийинчерээк сот муну «мамлекеттин түздөн-түз милдети катары түшүнүүгө болбойт» деген корутунду чыгарган.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Жамандык издеген адаты». Президент Мадумаровдун суу боюнча айтканына жооп берди