АКШнын мамлекеттик департаменти «Азаттыкты» жабуу чечими боюнча тынчсыздануусун билдирди

АКШнын мамлекеттик департаменти «Азаттыктын» ЖМК катары ишин токтотуу жөнүндөгү соттун өкүмүнө байланыштуу билдирүү таратты. Бул тууралуу Американын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү 29-апрелде кабарлады.

«АКШ 25 жылдан бери көз карандысыз маалыматтын ишенимдүү булагы болгон “Азаттык” радиосунун ишмердигин токтотуу боюнча кыргыз сотунун чечими тууралуу кабарларга терең тынчсызданууда», — деп айтылат билдирүүдө.

Мамлекеттик департаменттен «Азаттыктын» жабылышы президент Садыр Жапаровдун басма сөз жана сөз эркиндиги тууралуу билдирүүлөнүнө «шек келтирет» деп белгилешти.

Ошондой эле АКШнын департаменти кыргыз бийлигин «Азаттыктын» иш боюнча берген ар бир арызын калыс жана кылдат карап чыгууга чакырды.

«Азаттыкты» жабуу аракети

«Азаттык» үналгысынын ЖМК катары ишмердигин токтотуу боюнча акыркы сот 27-апрелде болду. Сот Маданият министрлигинин басылмага каршы доо арызын канааттандырды.

Судьялардын айтымында, чечимди Бишкек шаардык сотунда даттанса болот.

«Азаттыктын» адвокаты Тимур Султанов «Клоопко» курган маегинде соттун чечимине макул эместигин жана апелляциялык арыз берерин билдирди.

«Азаттыкка» каршы доо арыз берүүгө «Настоящее время. Азия» берүүсүнүн 2022-жылдын 16-сентябрындагы «Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы катуу кармаш» аттуу кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал тууралуу видеоматериал себеп болгон. Бул чыгарылыш «Азаттыктын» сайтын белгисиз мөөнөткө бөгөттөөгө негиз болгон.

2023-жылдын январында Маданият министрлиги «Азаттык Медианын» жалпыга маалымдоо каражаты катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен сотко кайрылган.

«Азаттык Медианын» иш-аракети, арыз ээлеринин пикиринде, «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзамдын 23-беренесинин «Согушту, зомбулукту жана ырайымсыздыкты, улуттук, диний обочолонууну жана башка элдерди жана улуттарды жек көрүүнү насаттоого тыюу салынат» деген талаптарына каршы келет.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бекешев: Бийлик «Азаттыкты» жапканы менен сөз эркиндигин жаба албайт