Бир кадр: Президент Бишкектеги 77-мектепке пландан тышкары барып сабакка катышты

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы. 

Өлкө башчысы Садыр Жапаров Бишкектеги №77 орто мектепке күтүүсүз барып, 9-класстын окуучуларынын Диндердин өнүгүү тарыхы сабагына катышты. Бул тууралуу 4-майда президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал сабакта окуу процессинин жүрүшүнө, жаңы предметти окутуунун методикасына, диндер боюнча окуучулардын билим деңгээлине байкоо жүргүздү.

«Президент ар кандай радикалдык диний агымдарга аралашуунун алдын алуу үчүн өсүп келе жаткан муунга дин тууралуу туура маалымат жеткирүү маанилүү экенин, мектептеги сабактар жаштар арасында дин тууралуу туура түшүнүктү калыптандырууга гана жардам бербестен, алардын үй-бүлөсүндө жана жакын чөйрөсүндө диний маселелер боюнча билим алууга да салым кошорун белгиледи», — деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.

Жапаров өлкөнүн мектептеринде жаңы Диндердин өнүгүү тарыхы предметин киргизүү жөнүндөгү жарлыкка өткөн жылдын июнунда кол койгон.

Анда аталган предмет азырынча 9-класстын окуучуларына өтүлөт, кийин 7-8-класстарга да киргизилиши мүмкүн деп айтылган. Президенттин басма сөз кызматы бул предмет гуманитардык билим берүүнүн ажырагыс бөлүгү деп эсептейт.

Мектептеринде Дин маданиятынын тарыхы сабагын киргизүү аракетти бир нече жыл мурда да көрүлгөн. Аталган предмет пилоттук долбоордун алкагында 2016-жылы Кыргызстандын 10-мектебине, ал эми 2020-жылы 56 мектепке киргизилген.

Мындай предметти киргизүү Кыргызстандын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын 2014-2020-жылдарга карата Концепциясында жазылган. Ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жетекчилигинин алдында Коргоо кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Кыргызстан Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Зайырбек Эргешов «Дин маданиятынын тарыхы — бул диний предмет эмес, дин таануу предмети» экенин белгилеген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Өлкө мектептерине «Диндердин өнүгүү тарыхы» жөнүндө жаңы сабак киргизилет