Манасчы Рысбай Исаков Өзбекстанда өткөн эл аралык сынакта биринчи орунду ээледи

Манасчы Рысбай Исаков Өзбекстандын Гүлистан шаарында өткөн эл аралык «Айтуучулар сынагында» биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу 9-майда Маданият министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жеңүүчүлөргө сыйлык тапшыруу аземи 9-майда өттү.

Андан сырткары Кыргыз улуттук «Манас» театрынын директору Азиз Биймырза уулу жана төкмө акын Акматбек Султан уулу атайын сертификаттар менен сыйланышты.

Эл аралык «Айтуучулар сынагы» үстүбүздөгү жылы 6-майдан 8-майга чейин Өзбекстандын Гүлистан шаарында уюштурулду. Быйыл үчүнчү жолу өтүп жаткан маданий иш-чарага 30дан ашуун өлкөнүн музыкант, ырчы жана акындары катышты.

Исаковдун «Манас» айтуу боюнча рекорду

Буга чейин 2022-жылдын сентябрында манасчы Рысбай Исаков Түркиянын Бурса шаарында өткөн Манас айтуу жумалыгында тынбай үн чыгарып окуу багытында 124 саат манас айтып, Гиннесстин рекорддор китебине кирген.

Исаковдун Бурсада «Манас» айткан видеосун манасчы Дөөлөт Сыдыков Фейсбук барагына жарыялап, аны «Манас атаны минтип бүт дүйнөгө шылдың кылган болбойт!» деп сындаган.

Видеодон Исаков «Манас» айтуунун экинчи күнү чарчаганын, айланасындагы болуп жаткан окуяны обонго салып айтканын көрүүгө болот. Бул көрүнүш коомчулукта дагы кызуу талкууга алынып, интернет колдонуучулары Исаковду «Манастын баркын кетирди» деп айыпташкан.

Ал эми кээ бири «Манас айтыш эмес, уктабай жөн отуруш деле оңой эмес» деп видеону жарыялагандарга нааразы болушкан.

Гиннесс рекорддор китебине кирүү үчүн узак убакытка «Манас» айтуу аракети буга чейин да эки ирет болгон. Манасчы Дөөлөт Сыдыков 2020-жылы 13-ноябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында 14:27:51 саат Манас айтып, рекорд койгон.

2021-жылы 31-августта Сыдыков Москва шаарындагы Кыргызстандын элчилигинин имаратында «алты күн, беш түн» «Манас» айтып, узактыгы 111 саатка созулган. Бул иш-чара Дөөлөт Сыдыковду Гиннесс рекорддор китебине каттоо максатында уюштурулган.

«Манас» — кыргыздардын эң ири эпосу. Ал ЮНЕСКОнун адамзатынын маданий мурастар тизмесине жана «дүйнөдө эң ири эпос» катары Гиннес китебине кирген.

Редактор: Бакай Алмаз

ТЕМА БОЮНЧА:

«Манас» айтуу боюнча рекорд. Рысбай Исаковдун айланасында эмне болуп жатат?

Дөөлөт Сыдыков Гиннес китебине кирүү үчүн Москвада 111 саат Манас айтты

Манасчы Дөөлөт Сыдыков 14 саат 27 мүнөт манас айтты