«Азаттык»: Орусияда абакта жаткан дагы бир кыргызстандыктын сөөгү Украинадагы согуштан келди

Орусиянын абагында жазасын өтөп жаткан кыргызстандык Чыңгыз Изабеков Украинадагы согушта каза болгону белгилүү болду. Маркумдун сөөгү Кыргызстанга алып келинип, 13-апрелде жерге берилди. Бул маалыматты маркумдун жакындары «Азаттыкка» ырастаган.

Маалыматка караганда, кыргызстандык жигит «Вагнер» жеке аскердик компаниясы аркылуу согушка кеткен. Ал өткөн жылы октябрда, кээ бир маалыматтар боюнча ноябрда согушка тартылган.

«Мен анын согушка кеткенин эч билген эмесмин, кийин түрмөдө чогуу отургандардан билип калдым. Буга чейин Кыргызстанга которуу аракетинен эч майнап чыккан эмес», — деди маркумдун жакындарынын бири.

«Азаттыктын» маалыматы боюнча, 33 жаштагы Изабеков үй-бүлөдө улуусу болгон. Ал Орусияда «Тоноо» беренеси боюнча айыпталып камалган. Анын кандай шартта, качан камалганы тууралуу башка маалымат айтылган эмес.

Украинадагы согуштан сөөгү келген кыргызстандыктар

Орусиянын абактарында жазасын өтөп жаткан кыргыз жарандарынын сөөгү Украинадагы согуштан келген учурлар буга чейин бир нече жолу катталган.

27-январда кыргызстандык Аян Алишеровдун өлүмү тууралуу белгилүү болгон. Ал орус армиясы 2022-жылдын жай мезгилинен бери басып алууга аракет кылып жаткан Украинанын Бахмут шаарында каза тапкан.

30 жаштагы Алишеровдун туугандары ЖМКга маркум Орусиянын курамына кирген Мордовия республикасындагы колонияда жаза өтөп жатканын айтып беришкен. Иниси менен акыркы жолу сүйлөшкөндө Алишеров алардын колониясына «Вагнер» ЧВКсынан келишкенин айткан. Сүйлөшүүдө маркум согушка баруу ниети тууралуу айткан эмес, бирок андан кийин жакындары менен байланышпай калган.

Ал эми 1-февралда «МедиаХаб» Орусияда соттолгон Өзгөн районунун тургуну Янгибай Рахимов тууралуу видео жарыялаган. Анда ал 2022-жылдын 9-декабрында Украинанын Бахмут шаарында согушта каза тапканы айтылат. Анын сөөгү 23-январда кичи мекенинде жерге берилген.

15-февралда дагы бир кыргыз жараны, Лейлек районунун тургуну Замир Чолоевдин Украинадан сөөгү келгени белгилүү болгон. Чолоевдин жакындары ал Орусиянын камагында жаза өтөп жатып, ЧВК «Вагнер» аркылуу согушка кеткенин «Азаттыкка» билдиришкен.

26-апрелде балдары Орусиянын абактарында отурган 30 чакты ата-эне бийликке кайрылган. Алар президент Жапаровдон «баңгизат ташыган» деген айып менен соттолгон балдарын Кыргызстанга экстрадициялоого жардам сурашкан.

Ата-энелер балдары курьерлик жумушка киргенден кийин эле «Орусиянын мафиясына жем болуп, баңгизат менен кармалып жатканын» белгилеп, абактагы мигранттар Украинадагы согушка тартылат деген тынчсызданууларын белгилешкен.

Аталган маселени депутат Жанар Акаев парламенттин 27-апрелдеги жыйынында көтөрүп, Башкы прокуратура бул боюнча ыкчам аракеттерди көрүшү керектигин айткан.

Тышкы иштер министрлигинин ушул жылдын февраль айындагы маалыматына ылайык, чет өлкөлөрдө соттолуп, камакка алынган 1282 кыргыз жараны бар. Алардын 1077си Орусиянын абактарында.

*ЧВК «Вагнер» же «Вагнердин тобу» — расмий эмес куралдуу түзүм.

Орусиялык ЖМКлар аны жеке менчик аскердик компания деп аташат. The Bell басылмасынын маалыматына ылайык, аны Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчилиги жашыруун көзөмөлдөйт.

Азырынча Орусияда жаза өтөп жаткан канча кыргызстандык Вагнер ЧВКсына тартылганы белгисиз.