Эки кадр менен: Садыр Жапаров жубайы менен Asia Mall соода борборунда болду

Пезидент Садыр Жапаров биринчи айым Айгүл Жапарова менен бирге 14-майда Бишкектеги Asia Mall соода борборуна барды. Мамлекет башчысынын сүрөттөрү соода борбордун инстаграм барагында жарыяланды.

Сүрөттөрдүн биринде президент жубайы менен тамактануучу жайда отуруп, соода борборуна келгендердин бири менен сүйлөшүп жатканын жана дасторкондон KFC продукцияларын көрүүгө болот. Калган эки сүрөттө соода борбордун коноктору өлкө башчысы жана биринчи айым менен сүрөткө түшкөн.

Акыркы жолу президент 2022-жылы январь айында Бишкектеги «Чынар» универмагына барган. Анда ал соода борборду кыдырып, бир нече бутиктерге кирип, алардын биринен өзүнө күндөн сактоочу көз айнек сатып алган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Көз айнек, селфи жана эл менен баарлашуу. Садыр Жапаров ГУМда соода кылды