Ошто кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалып, мыйзамсыз сакталган куралдар алынды

Ош шаарында 16-майга караган түнү кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалып, мыйзамсыз сакталган куралдар алынды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, мыйзамсыз курал алып жүрүүгө шектелген топ Ош шаарына батыш тараптан кире бериштеги айлампадан кармалган. Алар жүргөн «Мерседес-Бенц» унаасынан магазининде 4 огу бар АКСУ-74У, 3 огу бар тапанча алынган.

Шектүүлөр кармоо учурунда милиционерлерге каршылык көрсөтүп, качууга аракет жасаган. Милиция 27, 29 жана 30 жаштагы шектүүлөрдү кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизди. Алардын баары буга чейин бир нече жолу соттолгону белгилүү болду.

13-майда да Ош шаарында кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалып, алардан көп сандагы курал-жарак алынган. Алар Ош шаарында 3 млн 600 миң сомду тоноого жана Кара-Суу районундагы куралдуу карактоого айыпталышкан.

Кармалгандардын арасында Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары бар болгон. Шектүүлөрдүн жашаган жерин тинтүү учурунда көп сандагы ок атуучу куралдар, анын ичинде — автоматтар, снайпердик мылтыктар, пулемёттор, тапанчалар, ок-дарылар жана гранаталар табылып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: Карактоого шектелип кармалган кылмыштуу топтон көп сандагы курал-жарак табылды