Дмитриевкадагы атайын операцияда чет элдик туристтердин бардык буюмдары күйүп кетти — 24.kg

17-майда Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Дмитриевка айылында «террорчуну кармоо операциясында» чет элдик 13 туристтин бардык буюмдары күйүп кетти. Бул тууралуу 24.kg басылмасы туристтердин бирине таянып жазып чыкты.

Жабыркаган туристтер милиция бөлүмүндө. Сүрөт: 24.kg

Маалыматка караганда, туристтер жашап жаткан үйдүн бир бөлүгүндө күч кызматкерлери тарабынан «жок кылынган» куралчан киши да жашаган.

«Саат 06:00дө жарандык кийимчен адамдар келип, бизди эвакуациялашты. Биз жалпы 13 кишибиз – Орусиянын жарандары, бирөө Беларустун, дагы бирөө Франциянын жараны. Бактыбызга жараша, эч кимибиз жараат алган жокпуз. Бирок болгон нерселерибиздин баары — кийимдерибиз, акчабыз, банк карталарыбыз — өрттөнүп кетти», — деп журналисттерге айтып берди туристтердин бири Дмитрий Анисимков.

Анын айтымында, чет элдиктер Канттагы милиция бөлүмүндө көрсөтмө берип бүткөндөн кийин өрттөнүп кеткен үйгө барып, аман-эсен калган нерселерди издешет.

Туристтер Орусиянын Кыргызстандагы элчилигине кайрылып, элчиликтен аларга документтерди төрт айдын ичинде гана калыбына келтирүүгө болорун айтышкан. Жабыркагандардын учурда эч нерсеси жок — алмаштырганга кийими, түнөгөнгө жери да.

Өрттөнгөн үйдүн кожоюндары ИИМ «террорчу» деп атаган киши үйгө төрт күн мурда келип конгонун айтышууда. Кожоюндардын айтымында, «ал кишини бир карап кылмышкер экенин аныктап билүү мүмкүн эмес болгондуктан» ага үйдү эч тынчсызданбай эле ижарага беришкен.

Кожоюндар, укук коргоо органдарынын операциясынан кийин үйү күйүп кеткенин айтып, бир адамдын айынан үйгө төрт граната ыргытылганына нааразы болушууда.

Дмитриевкадагы атайын операция

17-майда ИИМ менен УКМКнын атайын бөлүктөрүнүн кызматкерлери Ысык-Атанын Дмитриевка айылында куралдуу кишини кармоо операциясын өткөрүштү.

Министрликтен кармоо учурунда куралдуу киши катуу каршылык көрсөтүп, натыйжада атайын багыттагы бөлүктөрдүн кызматкерлери тарабынан «террорчу жок кылынганын» айтышты.

Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинен «Клоопко» атайын операцияда эки күч кызматкери жарадар болгонун билдиришти. Бири жеңил жараат алып, экинчисинин жамбашына ок тийип, Улуттук госпиталда операцияга даярдалып жатат.

24.kg басылмасы укук коргоо органдарына таянып, өлтүрүлгөн киши буга чейин Ош шаарында кармалган куралдуу кылмыштуу топтун мүчөсү экенин жазды. Ал Сириядагы согуштук аракеттердин катышуучусу катары укук коргоо органдарында каттоодо турары айтылат.

Буга чейин, 13-майда Ош шаарында кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалып, алардан көп сандагы курал-жарак алынган. Алар Ош шаарында 3 млн 600 миң сомду тоноого жана Кара-Суу районундагы куралдуу карактоого айыпталышкан.

Кармалгандардын арасында Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары бар болгон. Шектүүлөрдүн жашаган жерин тинтүү учурунда көп сандагы ок атуучу куралдар, анын ичинде — автоматтар, снайпердик мылтыктар, пулемёттор, тапанчалар, ок-дарылар жана гранаталар табылып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.