Ош шаарында айым режиссёрлордун V кинофоруму болуп өттү

11-14-май күндөрү Ош шаарында советтик кыргыз режиссёру Лиля Турусбекованын 90 жылдыгына арналган «Кыргызстан айым режиссёрлорунун V кинофоруму» болуп өттү.

Иш-чара Швейцария өкмөтү жана Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин колдоосу менен уюштурулду.

Кинофорумдун ачылыш аземи Ош мамлекеттик университетинде болду. Анда Лиля Турусбекованын «Катышкандык» аталышындагы даректүү тасмасы көрсөтүлүп, иш-чаранын конокторуна сөз берилди.

Форумга жалпы 14 режиссёр айым катышып, тасмалары «Семетей» кинотеатрында көрсөтүлдү. Таберик Юсупованын «Киндик эне» тасмасы мыкты деп табылып, «Азия чыгармачыл айымдарынын» коомдук фонду тарабынан кийинки кинодолбоор үчүн «Техникалык колдоо» сертификатына ээ болду.

Ошондой эле Севара Бекмурадованын «Күлча», Дайана Ибраеванын «Түз эфир», Таберик Юсупованын «Киндик эне» жана Сауле Муканбетованын «Үмүт» тасмасы «Киносынчылардын тандоосу» сыйлыгына ээ болду.

Мындан тышкары кинофорумда Кыргызстан, Түркия, Түштүк Кореядан келген режиссёрлор «Кино өндүрүштүн негиздери», «Заманбап кинематографияда гендердик аспектилер» темасында тренинг өтүштү.

Форумда «Айым-режиссерлорго квота бөлүү» темасында талкуу уюштурулуп, катышуучулар бул боюнча Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине кайрылуу жолдошту.

Иш чаранын акыркы күнү режиссёр Жаңыл Жусупжандын «Үркөр, үркөр, үч жылдыз, үркүп кайда барасың» даректүү тасмасынын улуттук бет ачары болду.

«Кыргызстан айым режиссёрлорунун кинофоруму» жыл сайын уюштурулуп келет. Алгачкы жолу кинофорум Кыргызстанда 2016-жылы өткөрүлгөн. Форумдун максаты — режиссёр айымдардын башын бириктирип, мотивация берүү жана жаш режиссёрлорду таанытып, колдоо көрсөтүү.

Аталган форумдун уюштуруучусу — режиссёр Асел Жураева. Ал 2013-жылы Айгерим Бирназарова менен бирге «Азия чыгармачыл айымдарынын» коомдук фондун түптөгөн.

Аталган фонд «Кыргызфильм», Tazar Cinema Company кинокомпаниялары жана аялдардын укугун коргогон уюмдар менен тыгыз кызматташып келет. Мындан тышкары фонд көптөгөн режиссёрлорго тасма тартууга көмөк көрсөткөн.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргыз фильмдери үчүн соот жасаган сүрөтчү. Kloop.kgнин Расул Кочкорбаев тууралуу репортажы

Кыргыз киносунун күнүнө карата «кыргыз кереметин» көрүңүз