Жапаров Кытайда: Мен үчүн президент Си Цзиньпин менен дос болуу — чоң сыймык

Президент Садыр Жапаров Кытайга мамлекеттик сапарынын алдында эң ири расмий «Жэньминь жибао» гезитине интервью берди. Макаланын эркин котормодогу үлгүсүн 18-майда президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев жарыялады. «Клооп» маектин маанилүү жерлерин баяндап берди.

«Достук, ачык жана ишенимдүү эки тараптуу мамилелерди жаңы деңгээлге көтөрөбүз» деген аталыштагы макалада Жапаров Кытай Кыргызстандын эң маанилүү өнөктөшү экенин белгиледи.

«Эл аралык аренада Кыргызстан менен Кытай маанилүү маселелерде бир-бирине өз ара колдоо көрсөтүп келе жатат [...] Өз ара түшүнүшүү, достук жана кызматташтык өтө баалуу, жана Кыргызстан кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү үчүн күч жумшоого даяр», — деди ал.

Президент эки өлкөнүн ортосунда тоскоолдук жаратуучу карама-каршылыктар же чечилбей турган маселелер жок экенин белгиледи. Ал төрага Си Цзиньпиндин «бай тажрыйбасы, акылмандыгы» Кытайдын эл аралык аренадагы кадыр-баркынын бийиктешине мүмкүнчүлүк түзүүдө деп кошумчалады.

«Си Цзиньпиндин өлкөнү башкаруу тажрыйбасы мага Конфуций канондорундагы акылман башкаруучунун, «асыл адамдын» мүнөзүн эске салат. Мен үчүн президент Си Цзиньпин менен дос болуу чоң сыймык», — деди ал.

Жапаров «Кытай — Борбор Азия» саммити тууралуу сөз кылып, аймактык маселелер Борбор Азиядагы бардык мамлекеттин кызыкчылыгына тиешелүү экенин белгиледи.

«“Кытай — Борбор Азия механизми” тынчтык саясатына өбөлгө түзүүчү жана соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты жигердүү өнүктүрө турган өзгөчөлүктөргө ээ болгон абройлуу аймактык бирикмеге айланат», — деди өлкө башчысы.

17-майда Садыр Жапаров мамлекеттик сапары менен Кытайга барды. Ал «Борбор Азия — Кытай» саммитине катышат. Президент сапардын алкагында Сиань, Бээжин жана Цзинань шаарларына барат.

18-19-майда Сиань шаарындагы «Кытай — Борбор Азия» саммитине Жапаровдон тышкары Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев катышат. Буга чейин Борбор Азиядагы өлкө башчылар Путиндин чакыруусу менен 9-майда Москвада өткөн парадга чогулган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бир кадр менен: Биринчи айым менен Садыр Жапаров Кытайга келди