Блогер Улукбек Карыбек уулу жол эрежесин бузганы үчүн 13 500 сом айыпка жыгылды

Улукбек Карыбек уулу

22-майда социалдык тармактарда блогер Улукбек Карыбек уулу Бишкектеги Тыныстанов көчөсүндө жол эрежесин бузган видеосу тарады. Андан блогер жол сызыгын кесип өтүп, унаасын каршы тилкеге токтотуп жана коопсуздук курун тагынбай жүргөнүн көрүүгө болот.

Видеого тартып алган киши Карыбек уулуна «элден чоң нерсе талап кылып, анан ушинтип каршы тилкеде турасызбы?» деп, унаанын номерин тартууга аракет кылганда ал унааны айдап кеткен. 

«Эми сплошнойду кесип баратат. Мына, карагыла. Ушул блогерлер анан бизге бирдемкени үйрөтөт», — деп нааразы болду күбө.

Кийинчерээк Карыбек уулу билим берүү министри менен жолугууга барганын айтып, унаасын каршы тилкеге «шашылыш коюп калганын» билдирди. Ал эреже бузганын «мындай нерселер болуп турат, адамдык фактор» деп түшүндүрдү.

«Жол эрежесин бузгандыктан жоопкерчиликке тартылуу үчүн МАИ кызматкерлерин чакырдык. Баарыбыз мыйзам деп жүрөбүз, мыйзам баарына бирдей болушу керек. Жол эрежесин бузуп койгонум кылмыш эмес. Бирок жол эрежесин бузбаган киши жок болуш керек. “Жол эрежесин бузган эмесмин” деген айдоочуну көрө элекмин, уга да элекмин», — деди ал. 

Ал эми Жол кыймылынын коопсуздугунун камсыздоо башкы башкармалыгынан «Клоопко» Карыбек уулу «Каршы кыймыл тилкесине чыгуу менен эреже бузганы» жана «коопсуздук курун тагынбагыны» үчүн жалпы 15 300 сом айыпка жыгылганын билдиришти.

Карыбек уулу деген ким?

Улукбек Карыбек уулу блогер жана жарандык журналист катары белгилүү. Ал журналистика тармагында 2011-жылдан бери эмгектенип келет. Башында ал «Манас Жаңырыгы» телеканалында иштеген, кийин «Марва» телеканалын жетектеген.

Карыбек уулу 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо «Эл Үмүтү» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин көрсөткөн. Талапкерлердин тизмесинде экинчи орунда турган. Бирок партия шайлоодо өтпөй калган.

Ошондой эле ал минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун сынына кабылган блогер катары да белгилүү. Байсалов анын видеосун мисал келтирип, өкмөт блогерлердин «чектен чыккан» иш-аракетине чара көрөт деп билдирген.

Карыбек уулу анын сынын «коомго тескери маалымат таратуу» катары баалап, маалыматты манипуляция кылуу «мамлекеттик кызматкердин этикасына жатпайт» деп эскерткен.

Блогер видео материалдарын YouTube каналына чыгарат. Каналынын 470 миңден ашык катталуучусу бар.

ТЕМА БОЮНЧА:

Байсалов: Өзүн-өзү интернет жылдызы кылып дайындап алгандарды тартипке чакырышыбыз керек