Араван: Тепе-Коргон айылынын башчысы кылмышка шектелип камакка алынды

Ош облусуна караштуу Араван районунун Тепе-Коргон айылынын башчысы Максатбек Мусаев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысынын негизинде камакка алынды. Бул тууралуу 23-майда УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүү өткөн жылы 14-февралда башка кызмат адамдары менен жашыруун сүйлөшүп, жер участогун «Сугат айдоо жерлери» категориясынан «Жеке турак жай куруу» категориясына которуу жөнүндө токтом чыгарганы аныкталган. Өз кезегинде бул үчүн «Кадастр» мамлекеттик мекемеси тарабынан жеке менчик укугуна мамлекеттик актылар берилген.

Жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгында, жеке менчикке алынган жер тилкелердин баасы 7 млн 7 жүз миң сомду түзгөнү аныкталды.

Аталган кылмыш иштин алкагында «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү Мусаев Кара-Суу РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча териштирүү жүрүп жатат.

Буга чейин, үстүбүздөгү жылы 29-мартта, Жалал-Абад обулусунун Сузак районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Мирланбек Калмаматов мыйзамсыз жер сатууга шектелип кармалган.

Ал «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Сузак райондук филиалынын кызматкерлери менен алдын ала макулдашып, жасалма токтомдор менен турак-жай куруу үчүн 6 гектардан ашык жер тилкесин акчалай сыйлык үчүн мыйзамсыз бөлүп берген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Сузак: Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Калмаматов мыйзамсыз жер сатууга шектелип кармалды

Ноокат: Мурдагы айыл өкмөт башчысы 10 жашар баланы пневматикалык курал менен атып алды