Бишкек: Апрелчилер тактан кулатылган президенттердин келишине каршы чыгышты

2010-жылдагы Апрель революциясынын катышуучулары жана алардын жакындары Бишкектеги Ала-Тоо аянтына чогулушту. 30га чукул адам бозгун президенттердин акталышына жана өлкөгө кайтуусуна жол берилбеши керектиген белгилешти.

Аксы жана Апрель окуяларынын каармандарына арналган эстеликтин алдына чогулгандар бийликтен «өлкөнү бүлүндүргөн» тактан кулатылган президент Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевди мыйзам чегинде жоопко тартууну талап кылышты.

«Бакиев келсе, орду түрмөдө. Каламсын. Ичип-жеп, Кыргызстанды бүлүндүрүп, сатчу жерди сатып, зыян келтирген президенттерди колдоого кыргыз эли жол бербеши керек. Бакиевге окшогон каңкорлордун келүүсүнө жол бербейбиз»,— деди «Айкөл — Ала-Тоо» коомдук бирикмесинин төрагасы Жылдызбек Исаков.

Ошондой эле чогулгандар Бакиев менен маек курган Элдик Курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасы Кадырали Кошалиевге наарызы болуп, анын маек алууга «акысы да, укугу да жок болчу» деп белгилешти.

Кошалиевдин Курманбек Бакиев менен курган маеги 16-майда жарыяланган. Анда бозгун президент адвокат жалдап, видеобайланыш аркылуу өз иши боюнча сотко катышкысы келерин билдирген. Ал ага карата козголгон кылмыш иштерин иликтөөдө ката кетирилген деп айткан.

Ал эми биринчи бозгун президент Аскар Акаев жубайы Майрам Акаева менен 18-майда Кыргызстанга келген. Анын жогорку окуу жайларда лекция окуй турганы айтылып, бул коомдун наарычылыгын жараткан. Кийин окуу жайлардан аларда Акаевдин лекциясы пландалбаганын белгилешкен.  

Апрель революциясынын катышуучулары «Бакиевдер келбесин» деген чакырык менен буга чейин да акция өткөрүшкөн. Алар Эмгек министрлиги демилгелен «Элдик Апрель революция күнүн» жою сунушуна каршы болушкан.

Автору: Бурулсун Жумалиева
Негизги беттеги сүрөт: Бакыт Төрөгелди / «Азаттык»

ТЕМА БОЮНЧА:

Бакиев менен маек курган Кошалиев өз каалоосу менен УТРКдан кетти

«Бакиевдер келбесин». Апрелчилер «Элдик Апрель революциясы күнүн» жоюуга каршы