КМТУ жана Илимдер академиясынан аларда Акаевдин лекциясы пландалбаганын билдиришти

Исхак Раззаков атындагы кыргыз техникалык университети менен Илимдер академиясы аларда бозгун президент Аскар Акаевдин лекциясы пландалбаганын билдиришти. Мындай билдирүү 22-майда жасалды.

Политехникалык университеттин басма сөз кызматынан «Клоопко» соцтүйүндөрдө тарап жаткан студенттин кайрылуусу да жетекчиликке келбегенин белгилешти.

Бозгун президент окуу жайларда лекция окуй турганын анын тарапташы Бекболот Талгарбеков 20-майда билдирген. Анда ал Акаев жубайы Майрам Акаева менен 18-майда эле Кыргызстанга келип, Казакстанга бир барып келгенин айткан.

Акаевдин лекция окуй турганы боюнча маалымат тараган соң политехтин студентинин ага нааразычылык билдирип жазган кайрылуусу жарыяланган.

«Мен жана биздин муун үчүн Аскар Акаев коррупция, тоноочулук, бүлдүрүү жана саткындыктын символу. Биздин студенттер муну менен толук макул экендигине ишенем. Бүгүнкү күндө өзү келечегин уурдаган жаш муун үчүн лекция өтүү тууралуу билдирүүсүн шылдың катары баалайм», — деп жазылган кайрылууда.

Аскар Акаев жана анын өлкөгө келиши

Аскар Акаев — Кыргызстандын биринчи качкын президенти. Ал өлкөнү 15 жылдан ашык башкарган. 2005-жылдагы «жоогазын ыңкылабынан» кийин өлкөдөн чыгып кеткен.

Революциянын чыгышына эл аралык байкоочулар тарабынан таза эмес деп табылган парламенттик шайлоо себеп болгон. Ошондой эле Акаев туугандарын жогорку кызматтарга койгон деп да айыпталган.

Садыр Жапаров бийликке келгенде, 16 жылдан кийин Акаев Кыргызстанга учуп келген. 2021-жылы августта ал «Кумтөр» иши боюнча сурак берген. Акаевдин келиши коомдук резонанс жараткан. Айрым саясатчылар ал өлкөнү башкарган 15 жылдын ичинде жасаган кылмыштарын унутпоого чакырышкан.

Андан кийин ал өлкөгө 2021-жылдын декабрында келген. Келген күндүн эртеси андан УКМК «Кумтөр» иши боюнча сурак алган. 20-декабрда Акаевдин санаалашы Талгарбеков ЖМКларга Акаевден бардык айыптар алынганын, эми ал Кыргызстанда эркин жүрө ала турганын айткан.

21-декабрда УКМК Акаевдин иши боюнча кылмыш иликтөө иштери уланып жатканын, айыптар алынбаганын билдирген.

Бирок 2023-жылдын январында Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы «Клоопко» Акаевдин кылмыш иши кыскартылганын билдирген. Акаев алтын кенин ишке киргизүүдө бийлигинен же кызматынан кыянаттык менен пайдаланган, 1992-жылы канадалык «Камеко» компаниясы менен башкы макулдашуу түзүүдө жана 2003-жылы «Кумтөр» долбоорун реструктуризациялоодо шалаакылык кылган деп айыпталган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Биринчи бозгун президент Аскар Акаев аялы менен Кыргызстанга келди. Ал окуу жайларда лекция өтөт

«Колдоого чакырдым». Аскар Акаев президенттердин Дубайдагы жолугушуусу тууралуу кат жазды

Казакстандын президенти Нур-Султан шаарында Аскар Акаевди кабыл алды