Мурдагы президенттер менен маек курган Кадырали Кошалиев Элдик курултайдын төрагалыганан убактылуу кетти

Кадыр Кошалиев. Сүрөт: «Акипресс» басылмасы

Бозгун президенттер Бакиев жана Акаев менен маек курган Элдик курултайдын төрагасы Кадырали Кошалиев кызматынан убактылуу четтеди. Бул тууралуу Кошалиев 26-майда өзүнүн фейсбук баракчасында жазды.

Кошалиев Элдик курултайдын делегаттарынан жана адистерден турган комиссия болгон окуя боюнча чечим чыгарганга чейин ыйгарым укуктарын убактылуу орун басары Бейшенбек Абдразаковго өткөрүп бергенин белгиледи.

«Азыр интриганы токтотуп, ишке маани берели. “Элдик курултай жөнүндө” мыйзамдын кабыл алынышына салым кошолу. Менин элге ачык айта турган сөздөрүм али алдыда», — деди ал.

Кошалиевдин маектери

Ал убакытта УТРКнын журналисти болуп эмгектенген Кошалиевдин 16-майда Курманбек Бакиев менен курган маеги жарыяланган. Анда бозгун президент адвокат жалдап, видеобайланыш менен өзүнүн сотуна катышкысы келгенин айткан. Мындан бир күн өткөндөн кийин Кошалиев Аскар Акаев менен интервьюсун ютуб баракчага киргизген.

УТРКдан Кошалиевдин материалы анын жеке демилгеси менен жасалып, телеканалдын жетекчилиги менен макулдашылган эмес деп билдиришкен.

Журналисттин ишине нааразы болгон Апрель революциясынын катышуучулары жана алардын жакындары 23-май күнү каршылык акциясына чыгып, бозгун президенттердин акталышына жана өлкөгө кайтуусуна жол берилбеши керектиген белгилешкен.

Ошол эле күнү Кошалиев УТРКнын этика жана тартип комиссиясы корутунду чыгара электе эле, «корпорациянын атына көлөкө түшүргүсү келбей» өз каалоосу менен иштен кеткен.

Автору: Бурулсун Жумалиева

ТЕМА БОЮНЧА:

Бакиев менен маек курган Кошалиев өз каалоосу менен УТРКдан кетти

Орунбеков Кошалиевдин Бакиев менен курган маегин «кесиптик изденүү» деп атады

Бишкек: Апрелчилер тактан кулатылган президенттердин келишине каршы чыгышты