Равшан Жээнбековдун аялы Салкынай Алимбаева УКМКнын тергөө абагына камакка алынды 

25-май күнү «Кемпир-Абад ишинин» фигуранты, абактагы саясатчы Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаева УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Маалыматты «Азаттык» басылмасына анын адвокаты Разак Ашимбаев тастыктады

Адвокаттын айтымында, Алимбаева түшкө жакын атайын кызматка сурак бергени кирген, кайсы ишке байланыштуу экени азыр белгисиз. Ашимбаев анын камалганын кечинде гана укканын кошумчалады. 

Салкынай Алимбаева сегиз саат сурак берип, андан соң УКМКнын ТИЗОсуна калтырылганын укук коргоочу Азиза Абдирасулова дагы жазды. Анын айтымында, ага адвокат менен жолугушууга мүмкүнчүлүк берилген жок. 

Ал эми Жээнбеков менен Алимбаеванын уулу Азат Равшан фейсбук барагына апасы менен түшкү саат 12ден бери байланышка албай жатканын жазды. 

«Апамды бүгүн күч менен УКМКга суракка алып кетишкенин бир нече саат мурун билдим. Ташиевдин үй-бүлө мүчөлөрүнө жана оппозиционерлердин аялдарына кысым көрсөтүү жөндөмдүүлүгү гана колунан келе турган иш окшойт. Убагы келгенде так ошону өзү көрөт. Анын ата-энесине асылууга болбойт, башкалардыкына болобу?» — деди ал.  

 УКМК азырынча бул боюнча маалымат бере элек.  

Жээнбеков Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, Бишкектеги №1 тергөө абагында отурат. Ага «Массалык башаламандык уюштуруу» беренеси менен айып тагылган. Ошондой эле «Кой-Таш окуяларына» байланыштуу дагы иш козголгон. 

Оппозициячыл саясатчы Ленин районунан парламенттик шайлоого катышууда. Добуш берүү 28-майда өтөт.