Ленин округу боюнча шайлоо: ИИМ добуш сатып алууга байланыштуу видеону териштирет

Ички иштер министрлиги Ленин округу боюнча өтүп жаткан депутаттык шайлоодо добуш сатып алууга байланышкан видео боюнча териштирүү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу ИИМдин тергөө башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда видео тартылган кафенин ээси, официант жана үч аял сурак берүүдө. Кафеден талапкерлердин биринин үгүт материалдары табылган.

Буга чейин талапкерлердин бири Эртай Исаков Бишкектин Ак-Өргө конушундагы «Алтынай» деген кафеде башка бир талапкердин агитаторлору добуш сатып алууга аракет кылганын айтып, видео жарыялаган.

БШКнын төрагасынын орун басары Тынчтык Шайназаров добуш берүү башталгандан саат 11:00гө чейин алты арыз түшкөнүн билдирди. Анын үчөө үгүт иштерине, калганы добуш сатып алууга байланыштуу.

Мөөнөтүнөн мурда шайлоодо 29 талапкер депутаттыкка ат салышууда. Талапкерлердин арасында «Кемпир-Абад иши» боюнча абакта отурган Равшан Жээнбеков, Илгиз Шаменов жана Акыл Айтпаев бар.

Шайлоо өткөрүүгө экс-депутат Жаныбек Абировдун кафедеги мушташ чырына байланыштуу мандатын тапшырганы негиз болгон. 13-мартта Абиров «кафелердин биринде күзөтчүнү сабаганы» айтылып, коомчулукта кызуу талкуу жараткан.

Абиров болуп өткөн «окуянын олуттуулугун түшүнүп жатканын жана мыйзам чегинде жоопкерчилик тартууга даяр экенин» баса белгилеп, ушул себептен улам өз каалоосу менен депутаттык мандатын тапшырууну чечкенин айткан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бир кадр менен: Президент жубайы менен Ленин округундагы депутаттык шайлоодо добуш берди

БШК: Бишкектин Ленин округундагы шайлоо олуттуу мыйзам бузууларсыз өтүүдө