Бир кадр менен: Президент жубайы менен Ленин окургундагы депутаттык шайлоодо добуш берди

Президент Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен Ленин райондук бир мандаттуу шайлоо округунда мөөнөтүнөн мурда депутаттык шайлоодо добуш берди. Бул тууралуу 27-майда өлкө башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Анын айтымында, прездент менен биринчи айым №1053 шайлоо участогунда добуш беришти.

Садыр Жапаров жана Айгүл Жапарова. Сүрөт: Эрбол Султанбаев.

Мөөнөтүнөн мурда шайлоодо 29 талапкер депутаттыкка ат салышууда. Талапкерлердин арасында «Кемпир-Абад иши» боюнча абакта отурган Равшан Жээнбеков, Илгиз Шаменов жана Акыл Айтпаев бар. Ошондой эле шайлоодо Коопсуздук кеңешинин катчысынын мурдагы орун басары Өмүрбек Суваналиев, экс-акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу жана Садыр Жапаровдун мурдагы юристи Акин Токталиев ат салышууда.

Шайлоо өткөрүүгө экс-депутат Жаныбек Абировдун кафедеги мушташ чырына байланыштуу мандатын тапшырганы негиз болгон.

13-мартта Абиров «кафелердин биринде күзөтчүнү сабаганы» айтылып, коомчулукта кызуу талкуу жараткан. 27-мартта ал депутаттык ыйгарым укугун өз каалоосу менен тапшырып берген.

Абиров болуп өткөн «окуянын олуттуулугун түшүнүп жатканын жана мыйзам чегинде жоопкерчилик тартууга даяр экенин» баса белгилеп, ушул себептен улам өз каалоосу менен депутаттык мандатын тапшырууну чечкенин айткан.

ТЕМА БОЮНЧА:

БШК: Бишкектин Ленин округундагы шайлоо олуттуу мыйзам бузууларсыз өтүүдө

Депутат Абиров мушташтан кийин өз каалоосу менен мандатын тапшырганын билдирди