БШК: Бишкектин Ленин округундагы шайлоо олуттуу мыйзам бузууларсыз өтүүдө

Ленин округундагы шайлоо. Сүрөт: БШК

28-майда Бишкектин Ленин райондук бир мандаттуу шайлоо округунда мөөнөтүнөн мурда депутаттык шайлоо өтүп жатат. Борбордук шайлоо кимиссиясы азырынча олуттуу мыйзам бузуулар катталбаганын билдирди.

Шайлоодо 29 талапкер депутаттыкка ат салышууда — алардын 24ү эркек, 5и аял. Ленин округу боюнча жалпы 51 шайлоо участкасы иштеп жатат. Добуш берүү эртең мененки саат 8:00дөн кечки 20:00гө чейин жүргүзүлөт.

Ал эми шайлоочулардын тизмесине ылайык, добуш берүүгө катыша турчу адамдардын саны 124 908ди түздү. 27-майда 83 адам ден соолугуна жана шартына байланыштуу участкадан тышкары добуш берди. Анда БШКга жалпы 16 мыйзам бузуу, кайрылуу, сунуш түштү.

Мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүгө экс-депутат Жаныбек Абировдун кафедеги мушташ чырына байланыштуу мандатын тапшырганы негиз болду.

13-мартта Абиров «кафелердин биринде күзөтчүнү сабаганы» айтылып, коомчулукта кызуу талкуу жараткан. 27-мартта ал депутаттык ыйгарым укугун өз каалоосу менен тапшырып берген.

Абиров болуп өткөн «окуянын олуттуулугун түшүнүп жатканын жана мыйзам чегинде жоопкерчилик тартууга даяр экенин» баса белгилеп, ушул себептен улам өз каалоосу менен депутаттык мандатын тапшырууну чечкенин айткан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Депутат Абиров мушташтан кийин өз каалоосу менен мандатын тапшырганын билдирди

Абактагы Равшан Жээнбеков Абировдун ордуна парламентке шайлоого катышарын билдирди