Бажыдагы коррупция. Сот депутат Нарматованын уулун эч жакка кетпөө тил каты менен бошотту

Бишкектин Биринчи май райондук соту депутат Надира Нарматованын уулун эч жакка кетпөө тил каты менен бошотту. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Сот бул чечимди 11-май күнү, УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчүнүн негизинде кабыл алганы маалым болду.

Депутаттын уулу кармалганын маалымат каражаттары жеке булактарга таянып 1-майда жазышкан. Ал Мамлекеттик бажы кызматында иштеп жүргөнү жана башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кайниси кармалган кылмыш иши боюнча кармалганы маалымдалган.

18-мартта УКМКнын басма сөз кызматы Кытайдан аткезчилик жол менен товар ташууга шектелип бажы кызматынын алты кызматкери жана үч бизнесмен кармалганы тууралуу маалымат тараткан. Маалыматта мамлекетке келтирилген зыян алдын ала 1 млрд сом деп бааланган.

Мамлекеттик комитеттен кармалгандардын арасында жогорку кызматтагы адамдардын туугандары бар экенин айтышкан, бирок кимдердин жакындары экенин тактап айтышкан эмес. Кийинчерээк алардын арасында башкы прокурордун кайниси бар экени маалым болгон.