«Келишпестик жок». Ташиев Зулушевдин кайниси коррупцияга шектелип кармалганын тастыктады

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бажыдагы коррупцияга шектелип кармалгандардын бири башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кайниси экенин тастыктады.

Ташиев «аны менен Зулушевдин ортосундагы тирешүү» тууралуу соцтүйүнгө тарап жаткан маалымат боюча түшүндүрмө берип, башкы прокурор экөөнүн ортосунда «эч кандай пикир келишпестик» жок экенин айтты.

«Бул ишке Курманкул Зулушевдин эч кандай тиешеси жок. Эгер анын кайниси камалса, мамлекетке зыян келтирсе, мыйзам чегинде келтирген зыяндын ордун толтурат. Анан мыйзамдуу жазасын алат. Эгер күнөөсү жок болсо, жазадан бошотулат», — деди ал.

Ташиев жогорку кызматтагы адамдардын жакындары мыйзам бузган учурлар «көп эле болуп жатканын» билдирди. Ал президенттин жана өзүнүн жакындары да кармалганын кошумчалады. Ошондой эле ал аткаминерлердин жакындары да кадимки адамдардай эле «аёсуз жоопко тартылат» деп белгиледи.

«Башкы прокурордун кайнисинин кармалганын трагедия же тирешүү деп кабыл албаш керек. Бул адаттагыдай эле көрүнүш. Мындан ары да ушундай болот», — деп ишендирди атайын кызматтын башчысы.

Буга чейин УКМКнын басма сөз кызматы дагы Ташиев менен Зулушевдин ортосунда «эч кандай тирешүү жок экенин» билдирген. Мындай билдирүү алты бажы кызматкери жана үч ишкер Кытайдан аткез жол менен товар ташууга шектелип кармалгандан кийин жасалган.

УКМКдан шектүүлөр Кытайдан аткез жүк ташуу боюнча көптөн бери эле схема түзүп алышканын айтып, анын кесепетинен мамлекет 1 миллиард сомго чукул зыян тартканын белгилешкен.

Ташиев менен Зулушевдин ортосундагы пикир келишпестик тууралуу үстүбүздөгү жылдын 20-январында Башкы прокуратура УКМКнын тергөөчүсүн пара алып жатканда кармаган учурда да сөз болгон.

Анда айрым басылмалар жеке булактарына таянып, ИИМдин аскерлери УКМКнын Оштогу бөлүмүнө бастырып кирген учурда кызматкерлердин ортосунда чыр чыкканын жазышкан.

Эртеси күнү Ташиев бул боюнча түшүндүрмө берип, «келишпестик жок деп» билдирген. Ал пара алган тергөөчүнү атайын операциянын негизинде күч түзүмдөрү биргелешип кармаганын кошумчалаган.