Шайлоодо алдыга чыккан Ниязалиевага кылмыш иши козголуп, штабы мөөр басылып жабылды

Бишкек шаарынын Ленин округунан алдын ала эсеп боюнча алдыга чыккан Дамира Ниязалиевага кылмыш иши козголуп, шайлоо штабы мөөр басылып жабылды. Бул тууралуу «Азаттык» басылмасы кабарлады.

Маалыматка караганда, 30-майга караган түнү штабда тинтүү жүрдү. Текшерүүдөн кийин шаардык милициянын тергөөчүлөрү штабды жаап, мөөр басып кетишти.

«Тинтүү эки сааттан ашуун болду. Офистен үч ноутбук жана 30 барак штабдын ишине байланыштуу документтерди алып кетишти. Алардын арасында мыйзамсыз бир нерсе бар деп айта албайм», — деди Ниязалиеванын адвокаты.

Милиция интернетте тараган аудио боюнча кылмыш ишин козгоп, тинтүү ошонун негизинде жүрүп жатканын журналисттерге билдирген. Тергөөчүлөр штабга саат 21:00дө келген. Бирок Ниязалиева «штабдын ачкычын таба албай жатканын» айткандыктан, анын жардамчысынын унаасы текшерилип, акыры милиция эшикти кескилеп кирүүгө аргасыз болгон.

«Аудио боюнча ал мен эмесмин, ал монтаж. Мага басым, алган добуштарымды жокко чыгаруу аракети болуп жатат. Бул аракеттер менин атаандаштарым тарабынан болуп жатат деп ойлойм», — деди талапкер өзү комментарий берип жатып.

Азырынча шаардык милиция тинтүү боюнча расмий маалыматты жана Ниязалиевага кайсы берененин негизинде кылмыш иши козголгонун айта элек.
29-майда Дамира Ниязалиеванын үгүтчүлөрдүн бири менен телефондо сүйлөшүүсү делген үн жазуу тараган. Анда добуш сатып алуу тууралуу сөз болгон.

Ленин районундагы шайлоо

Буга чейин ИИМ Ниязалиеванын штабында иштейт деген үгүтчүлөргө байланыштуу добуш сатып алуу фактысы да иликтенип жатканын кабарлаган. Ниязалиева соцтүйүнгө жарыяланган видеолорду «атаандаштардын каралоосу» деп сыпаттаган.

28-майда Бишкектеги бир мандаттуу №26 Ленин шайлоо округунда мөөнөтүнөн мурда депутаттык шайлоо өткөн. Добуш берүүнүн баштапкы жыйынтыгы боюнча Дамира Ниязалиева алдыга чыккан.

Автоматтык эсептөөчү урналардын жыйынтыгына ылайык, Ниязалиева шайлоого катышкандардын 35,83% добушуна ээ болгон — ага 6 242 шайлоочу добуш берген.

Ал эми 2 070 добушка ээ болгон талапкер Улан Сариев 11,88% менен экинчи орунга илинген.

БШКнын маалыматына ылайык, добуш берүүгө округдагы шайлоочулардын 13,95% гана катышты. Бул аймакта 125 миңдей шайлоочу катталган.

Боршайкомго эреже бузуулар боюнча тогуз арыз түшүп, алты кайрылуудагы маалымат тастыкталган эмес. Ал эми үчөөнү укук коргоо органдары териштирүүдө — корутундусу шайлоонун жыйынтыгына таасир этиши мүмкүн.

Дамира Ниязалиева деген ким?

Дамира Ниязалиева 2007-2010-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон. 2010-жылды апрель революциясынан кийин Убактылуу өкмөт бийликке келгенде Саламаттык сактоо министринин милдетин аткарган. Ошол эле жылы ал КСДП партиясынан парламентке депутат болгон.

2014-2016-жылдары Алмазбек Атамбаев бийликте турганда Ниязалиева вице-премьер-министр кызматын аркалаган. Ал эми 2021-жылкы парламенттик шайлоодо Ниязалиева №32 Кочкор бир мандаттуу шайлоо округунан талапкер болуп, бирок жетиштүү добуш топтой алган эмес.