Ленин округундагы шайлоо: Баштапкы жыйынтык боюнча Дамира Ниязалиева алдыда

28-майда Бишкектеги бир мандаттуу №26 Ленин шайлоо округунда мөөнөтүнөн мурда депутаттык шайлоо өттү. Добуш берүүнүн баштапкы жыйынтыгы боюнча Дамира Ниязалиева алдыга чыкты.

Автоматтык эсептөөчү урналардын жыйынтыгына ылайык, Ниязалиева шайлоого катышкандардын 35,83% добушуна ээ болду. Башкача айтканда, ага 6 242 шайлоочу добуш берди.

Ал эми 2 070 добушка ээ болгон талапкер Улан Сариев 11,88% менен экинчи орунга илинди. Расмий жыйынтык кол санактан кийин айтылат. 

БШКнын маалыматына ылайык, добуш берүүгө округдагы шайлоочулардын 13,95% гана катышты. Бул аймакта 125 миңдей шайлоочу катталган.

Ленин округундагы шайлоо. Сүрөт: БШК

Мөөнөтүнөн мурда шайлоодо 29 талапкер депутаттыкка ат салышты. Талапкерлердин арасында «Кемпир-Абад иши» боюнча абакта отурган Равшан Жээнбеков, Илгиз Шаменов жана Акыл Айтпаев да бар. Алар 6%дан ашык добуш чогулта алган жок.

Боршайкомго эреже бузуулар боюнча тогуз арыз түшүп, алты кайрылуудагы маалымат тастыкталган эмес. Ал эми үчөөнү укук коргоо органдары териштирүүдө — корутундусу шайлоонун жыйынтыгына таасир этиши мүмкүн.

Буга чейин ИИМ Ниязалиеванын штабында иштейт деген үгүтчүлөргө байланыштуу добуш сатып алуу фактысы иликтенип жатканын кабарлаган. Ниязалиева соцтүйүнгө жарыяланган видеолорду «атаандаштардын каралоосу» деп сыпаттаган.

Ниязалиева деген ким?

Дамира Ниязалиева.

Дамира Ниязалиева 2007-2010-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон. 2010-жылды апрель революциясынан кийин Убактылуу өкмөт бийликке келгенде Саламаттык сактоо министринин милдетин аткарган. Ошол эле жылы ал КСДП партиясынан парламентке депутат болгон.

2014-2016-жылдары Алмазбек Атамбаев бийликте турганда Ниязалиева вице-премьер-министр кызматын аркалаган. Ал эми 2021-жылкы парламенттик шайлоодо Ниязалиева №32 Кочкор бир мандаттуу шайлоо округунан талапкер болуп, бирок жетиштүү добуш топтой алган эмес.

Шайлоо өткөрүүгө экс-депутат Жаныбек Абировдун кафедеги мушташ чырына байланыштуу мандатын тапшырганы негиз болгон. 13-мартта Абиров «кафелердин биринде күзөтчүнү сабаганы» айтылып, коомчулукта кызуу талкуу жараткан.

Абиров болуп өткөн «окуянын олуттуулугун түшүнүп жатканын жана мыйзам чегинде жоопкерчилик тартууга даяр экенин» баса белгилеп, ушул себептен улам өз каалоосу менен депутаттык мандатын тапшырууну чечкенин айткан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ленин округу боюнча шайлоо: ИИМ добуш сатып алууга байланыштуу видеону териштирет