ТИМ: 18-23 жаштагы кыздардын чет жакка чыгышын чектөө мыйзамсыз

Тышкы иштер министрлиги 18-23 жаштагы кыз-келиндердин чет өлкөгө чыгуусун чектөө Конституцияга каршы келерин жана адам укуктары менен эркиндигин бузуу болуп эсептелерин билдирди.

Министрликтен, чет жактагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү, активисттер жана парламенттин айрым депутаттары тарабынан бул маселе байма-бай көтөрүлүп жатканынан, эки жолу талкуу уюштурулганын белгилешти.

Талкуулардын жыйынтыгында министрлик чет жактагы кыргыз жарандарынын арасында кылмыштуулукту азайтуу жана тышкы миграцияга байланыштуу абалды, анын ичинде аялдардын шартын жакшыртуу боюнча мамлекеттик органдарга сунуш даярдап жатканы айтылды.

«Ал сунуштар аялдардын сыртка чыгуусуна кандайдыр бир чектөөлөрдү киргизүүгө байланыштуу эмес, миграциялык коопсуздук шарттарын жакшыртуу жана чет жакта жүргөн кыз-келиндерди коргоого багытталган», — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Имангазиев жарандын чет өлкөгө өз алдынча чыга ала турган жаш курагын жогорулатуу маселеси ТИМ тарабынан иликтенип жатканын билдирген.

Имангазиев бул тууралуу депутат Шайлообек Атазовдун чек арадан өтүүдө кыздардын чет жакка кетип жатканы боюнча бардык маалыматты тактап берүү боюнча сунушуна жооп берип жатып айткан.

Ал эми Жогорку Кеңештин 31-майдагы жыйынында депутат Дастан Бекешев 23 жашка чейинки кыздардын чет өлкөгө чыгуусуна чектөө киргизилишине каршы пикирин билдирди.

«Ушундай сунуштарды бергенде дагы терс таасирин ойлонуш керек да. Башка өлкөлөлөр дагы карап, айтып жатышат да: Кыргыздар силер эмнени кылып жатасыңар деп. Ушундай практика Камбоджада авторитардык режимде болгон. Анан кайра жокко чыгарышкан. Башка өлкөлөрдө андай жок», — деди Бекешев.

Эл өкүлү «ата-энелер баласы кайда баратканын өз алдынча көзөмөлдөшү керектигин, кандай болгондо да өлкөдөн чыгуунун миңдеген жолдорун таап алышарын» кошумчалады.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бир кадр менен: Активисттер Атазовдон мандатын тапшыруусун талап кылышты

Атазов 18-20 жаштагы кыздарды ата-энеси же күйөөсү жок өлкөдөн чыгарбоону сунуштады